Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:27

ООГАНСТАН-ПАКИСТАН ЧЕК АРА ЧАТАГЫ


Пакистандын өкмөт башчысы Шаукат Азиз өткөн аптада Кабулда болуп, ооган жетекчилери менен Исламабад өкмөтүнүн орток чек арасын миналоо пландарын талкуулады. Аны коноктогон президент Хамид Карзай миналоого караманча каршы экендигин белгилеп, мындай чара терроризмге бөгөт болбостон, элдерди гана бир биринен алыстатат деген пикирин билдирди.

Мындан үч жыл мурда Пакистан Ооганстан менен чек арасына көзөмөл бекеттерин бир тараптуу жайгаштырам деп коңшусун бир топ кыжаалат кылган эле. Азыр эми Исламабаддын чек арада мина жайгаштырам дегени үч эмес, жүз жыл мурдагы чатактарды козутууда.

Чек араны Пакистан Кабул өзү айтып келаткан террористтердин жолун бууш үчүн миналамакчы. Бирок ооган өкмөтүн террористтерден мурда биринчи кезекте өлкөнүн суверендүүлүгүнө түздөн түз тийешеси болгон чек аранын расмий макамы көбүрөөк кызыктырат шекилдүү. Бул чек ара 1879-жылы Экинчи Ооган согушунун мезгилинде Индияны басып турган Британия менен түзүлүп, бирок такталып, жакшылыктуу демаркацияланбай калган.

1947-жылы Пакистан Индиядан бөлүнүп кеткенден кийин Ооганстан Пакистандын аймагындагы пуштун урууларынын өз алдынчалыгын жактап чыккан. Ооганстандын чек ара аймагында да пуштун уруулары басымдуулук кылгандыктан, Пакистан менен ортодо бир нече жолу согуш чыгып кете жаздаган. Советтер Союзу 1979-жылы Ооганстанды басып алганда, Маскөө андан ары жаткан Пакситанга да көз арткан, бирок советтик аскерлер ооган согушунун сазынан тыгылып калганда, Пакистан жеңилдене дем алгандай болгон. Советтик аскерлер чыгарылгандан кийин Ооганстан Пакистанга көз каранды өлкө болуп калуу коркунучу жаралган. 1994-жылы Кабулда Исламабадга ылым санаган Хекматиярдын өкмөтү бийликке келип, ал эми эки жылдан кийин Пакистандын аймагында түзүлгөн талибдердин кыймылы Ооганстанга басып киргенден кийинки окуялар эки өлкөнүн ортосундагы ишенимди ого бетер солгундатты.

Мына эми Кабулда чыгуучу өкмөттүк "Анис" гезити ооган өкмөтүнүн пикирин чагылдырып, Британия менен мындан 114 жыл мурда түзүлгөн келишим боюнча Ооганстан өзүнө караган бир топ аймактардан айрылып калгандыгын жазды. "Пакистан атайылап эле оогандардын абсолюттук укугуна каршы аракеттенип жатат" деп белгиленет аталган гезитте.

Акыркы жарым кылымда Ооганстан да, Пакистан да бир бирин тескери түшүнүп, бир топ каталарды кетиришти. Кабул менен Исламабад азыр да эски оюндардан баш тартыша элек. Натыйжада чек аранын эки жагында тең террористтердин жана алардын союздаштарынын гана чырагына май таамп жатат. Тилекке каршы Пакистан Ооганстанга өз талаптарын кыңк этпестен аткарууга тийиш болгон чабал коңшу эмес, өз алдынча мамлекет катары мамиле кылбаса, ошондой эле Кабул өз чек ара аймагындагы кырдаалды көзөмөлгө албаса, эки коңшунун араздашуусунан эл аралык терроризм гана утмакчы.

XS
SM
MD
LG