Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:26

12:12 Депутаттар мугалимдердин дептер текшерген кызматынын акысын көбөйтүштү


Мугалимдердин дептер текшерген кызматынын акысын көбөйтүү жана аларды шайлоо өнөктүктөрүнө ыктыярдуу катыштыруу жөнүндө депутат Мамасаидовдун сунушун депутаттар колдоого алышты. Ошондой эле мугалимдердин эмгек акысынан өөнөп кармап калууга таптакыр жол берилбей турганын баса белгилешти. «Мугалимдин статусу жөнүндөгү» мыйзамга сунуш кылынган толуктоолор боюнча эми 1-4 класстын мугалимдеринин дептер текшерген акысы 100 пайызга, 5-11-класстардын мугалимдериники 50 пайызга көбөйтүлүүгө тийиш. Азыркы учурда мугалимдер дептер текшергендиги үчүн 10-15 сом алышат. (KCh)

XS
SM
MD
LG