Балыкчы шаарынын мэриясында өткөн жыйында губернатор Кыдыкбек Исаев казак ишкерлери менчиктеп алган дан-азык ишканасы эки жылдан ашык иштебей турса дагы ага чара көрбөгөндүгүн сынга алды. Анын сунушу боюнча казак тарап менен сүйлөшүп, аны дан-азык комбинатын ун чыгаруу менен гана чектебей, буудайдан спирт, крахмал жана башка продукцияларды өндүрүп, башка инвесторлорду тартуу керек. Балыкчыда өндүрүш көлөмү 15 пайыз жогорулаганын белгилеген шаар башчысы Талант Бекжановго кеме чарбасы эсепке алынса, бул көрсөткүчкө ишенүү арсар деген ойлор айтылды. (RN)