Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:44

ИНТЕРНЕТТЕГИ АЧЫК МААЛЫМАТТАР КЭЭДЕ ЖАШЫРУУН МААЛЫМАТТАРДАН АРТЫК


Нарын АЙЫП, Прага Дүйнө мамлекеттери арасында акыркы мезгилде интернет кеңири тарагандыктан, айрым окумуштуулар менен изилдөөчүлөр аларга керектүү маалыматты китептер менен башка салттуу булактардан эмес, интернет аркылуу ала баштады. Маалымат алмашуунун өтө ылдам ыкмасы болгондон тышкары, интернетте блогдор сыяктуу миллиондогон маалымат булактары жана кеңири энциклопедиялар да пайда болууда.

"Википедия" деп аталган интернеттеги энциклопедияга жазылган макалаларды - аны ачып окуган кайсы болбосун адам, эгер ката тапса, дароо оңдоп, макаланы толуктай алат. Натыйжада андагы маалыматтар такай жаңыланып турат жана бир дагы акча төлөнүп түзүлгөн редакция андай жыйынтыкка жете албайт. Мисал үчүн, Ирактагы Муктада ас-Садр деген шийи имамы тууралуу макала жазылып, "Википедияга" салынгандан кийин, үч жылдын ичинде ал 500 жолу оңдолуп-толукталган.

Андай солугус булактардын дагы бири - интернетке чыга алган адамдар түзгөн жана блог деп аталган күндөлүктөр. Андай күндөлүктү ким болбосун ача алат жана автордун ага жазылган күндөлүк ой-пикирлерин интернетке чыккан дүйнөдөгү ким болбосун дароо окуй алат. Натыйжада дүйнөлүк террорчулук маселелери боюнча маалымат жазылган блогдордун саны азыр бир миллиондон ашык жана алардын баарын окуп-изилдөө үчүн өз алдынча илимий институт керек.

Ошол себептен террорчулукка каршы күрөшкөн коопсуздук кызматтары азыр аларга керектүү маалыматтарды өз тыңчылары менен жабык маалымат булактарынан канчалык алса, ачык интернеттен дагы ошончолук өлчөмдө таба баштады. Мисал үчүн, 2001-жылдын 11-сентябрында АКШга каршы көрүлгөн ири террор аракеттери ишке ашырылаары менен ал террордук чабуулга катышкан адамдардын ысымдарын, алар "ал-Каида" деген уюмга бириккенин жана алардын жетекчиси Мохаммед Атта деген жигит экенин коопсуздук маселелери боюнча америкалык эксперт Валдис Кребс интернет аркылуу ачык булактардан тапкан.

Ар башка мамлекеттерде жашаган террорчулар өздөрү да бир-бири менен интернет аркылуу байланышат, бирок өз каттарын - башка бирөө окуп калса түшүнбөгөндөй кылып жазат. SITE деп аталган жана эл аралык террорчулар тууралуу маалымат чогулткан америкалык изилдөө тобу болсо жан кечти террорчулар үчүн түзүлгөн эрежелер, алардын машыгуу базалары жана байланыштары жөнүндө маалыматтарды - "ал-Каида" уюмунун жабык интернет-сайтына кирип тапкан. Изилдөө тобу таап, интернет аркылуу тараткан андай маалыматты болсо - дүйнөнүн ар башка мамлекеттеринде аракеттенген антитеррордук кызматтар дароо пайдалана алат.

АКШнын Массачусетс штатындагы Тафт университетинин адистери болсо интернет аркылуу дүйнөдөгү ар башка жан кечти террорчулардын өмүр-баяны, алардын ой-пикирлери жана керээздерин изилдеп чыгып, эл аралык террордук кыймыл кандай багытта өнүгүп жатканы жана жакынкы келечекте алардан эмнени күтсө болот деген маалыматтарды тарата баштады.

АКШнын чалгындоо кызматтары болсо акыркы мезгилде - "Википедиянын" үлгүсү менен түзүлгөн жана такай жаңыланып тура алган "Интеллипедия" деген интернет-энциклопедиясын түзө баштады. Бирок андагы маалыматтар коопсуздук жана чалгындоо кызматтарынын адистери үчүн гана ачык болот.

Анткен менен жакында АКШнын Мамлекеттик катчылыгы Ирандын 12 жогорку кызматкерине Батыш мамлекеттерине чыгууга виза бербөө тууралуу чечим чыгарганда, ал 12 адамдын ысымдарын аныкташ керек болгон малыматтарды - АКШнын өзүнүн Борбордук чалгындоо агенттигинен эмес, интернеттеги ачык булактардан алган, анткени чалгындоо кызматы андай маалыматты жашыруун деп бербей койгон.
XS
SM
MD
LG