Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:56

БЕЛАРУСЬ МЕНЕН РОССИЯНЫН ТАЛАШЫНАН ЕВРОПА ЖАПА ЧЕГҮҮДӨ


9-январда Москвага Беларустун расмий делегациясы келди. Дүйшөмбүдө Беларусь аркылуу ташылган орус мунайын Европага жеткирүү токтоп калган эле. Россия Беларусь кара майды мыйзамсыз алып жатат деп күнөөлөп, мунай берүү ошол себптен улам токтоп калды десе, Минскидеги бийликтер мунайды транзит акысынын ордуна конфискациялап жатканын айтышууда.

Россия бийлигинин ырастоосунда, Беларусь өз аймагы аркылуу өтчү орус мунайын уруксатсыз ала баштаганда Москва аны берүүнү токтотууга аргасыз болгон. Бирок Беларустун айрым расмий адамдары Москва мунайдын транизити үчүн кошумча акча төлөгүсү келбей жатат деп айыпташууда.

Эмнеси болбосун, постсоветтик эки өлкөнүн талашынан Польша, Германия, Венгрия, Чехия жана Украина жапа чегүүдө. Алар “Дружба” кууру аркылуу аккан мунайга көз каранды. Аталган куур болсо Беларустун аймагы аркылуу өтөт.

Россиялык Альфа-банктын аналитиги Кристофер Вифердин пикиринде мунайдын көлөмү Москванын демилгеси менен азайтылды. Бирок бул - орустар Европаны атайлап мунайсыз калтырууну ниеттенүүдө дегенге жатпайт:

"Россия Беларустан тышкаркы өлкөлөргө мурдагыдай эле көлөмдөгү мунай жөнөтүп жатат. Бирок Беларусь дагы буга чейинкидей эле өзүнө мунай алып калууну улантууда. Натыйжада Польша, Германия жана бир катар башка өлкөлөргө кара май азыраак жеткирилип калды. Буга жооп катары Россия аны таптакыр токтотуп койду".

Россиянын “Транснефть” компаниясынын ырастоосунда, Минск 7-9-яварь аралыгында Европага багытталган мунайдан 79 миң тонна өзүнө алып калды.

Вифердин болжолунда беларус бийликтери буга атайын да барды болушу мүмкүн. Муну менен алар Россия менен уланып келаткан энергия жаңжалына Европанын да көңүлүн тарткысы келди.
Беларусь мунай же газ транзити үчүн акы талап кылууга укуктуу. Бирок мунайдын агымына тоскоолдук кылуу мыйзамсыз чара, - деп улантат аналитик.

Кечээ Беларустун мамлекеттик “Белнафтахим” компаниясынын төрага орун басары Владимир Волкау Минск мунайды жеткирүүнү калыбына келтирүүгө даяр деп билдирди:

"Орус тарап мунайды бере баштаса эле биздин ишкана техникалык да, технологиялык жактан да аны жеткирүүгө даяр. Насостук агрегаттардын ишин камсыздоочу жабдык Россиянын аймагында жайгашкан".

Эларалык энергия агенттиги мунайдын берилишин тезирээк калыбына келтирүүгө үндөдү.
Ошол эле маалда агенттик Европа керек болсо стратегиялык резервдерин пайдалана алат деп белгиледи.

Еврошаркеттин учурдагы төрагасы Германиянын канцлери Ангела Меркель энергия маселелерин талкуулоо үчүн 21-январда Москвага барууну пландоодо.

XS
SM
MD
LG