Бул тууралуу Баткен облусунун админстрациянын коопсуздук жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы Таштемир Эшалиев бүгүн билдирди. Анын айтымында, 9 киши жабыркап ооруканага жаткырылды. Бир киши жүрөгү кармап каза тапты. Баткен районунда 254 үй, 40 тан ашуун коомдук, мамлекеттик имараттар, 30 сарай, Сүлүктүдө 4 мектеп зыянга учураган.Иликтөө иштери жер-жерлерде улантылууда. 8-январдагы жер титирөөдөн ошондой эле 2 чакырымга жакын жол, канал бузулган. (AiT)