Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Апрель, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:02

16:12 Жер титирөөдөн Сүлүктүдөгү үйлөр, имараттар анча катуу жабыркаган жок

Кыргыз Республикасынын шаарлар ассоициациясы тараткан маалыматка караганда, 9-январга караган түнү болгон жер титирөөдөн Сүлүктү шаары анча катуу зыян тарткан жок. Шаардын мэри А. Ибрагимовдун айтымында, жер титирөө болгондон кийин өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери тарабынан биринчи кезекте мектептер жана ооруканалар, эмканалар жана турак үйлөр каралып текшерилди. Айрым имараттардан элге коркунуч туудурбай турган майда жараңкалар кеткени байкалган. Шаардын калкын электр кубаты, жылуулук жана суу менен камсыз кылуу үзгүлтүккө учураган эмес. Жер титирөөнүн эпицентри Баткен областында Түркестан тоо кыркаларында Сүлүктү шаарынан 60 км, область борбору Баткен шаарынан 90 км аралыкта болгон. Жер титирөөнүн күчү эпицентрде жети баллга чейин жеткен. (KCh)
XS
SM
MD
LG