Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:02

ОРУС ЖАНА БЕЛАРУС БИЙЛИКТЕРИ КАРА МАЙ ТАЛАШЫП ЖАКАЛАШУУДА


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Кечээ агенттиктер таркаткан маалыматта Беларус президенти Александр Лукашенко телефон аркылуу Орусиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүп, нефти боюнча чыккан чырды басуунун жолу табылган. Беларус президентинин маалымдоо катчысына шилтеме берилип айтылган кабарда жума күнү президенттерге түзүлгөн кырдаалдан чыгуу боюнча айкын сунуштарды киргизүү үчүн эки өлкө премьер-министрлерине тапшырма берилген.

Дүйшөмбү күнү «Дружба» кууру аркылуу агып өтчү орусиялык нефти беларустук чекте жабылып калгандыктан Польша, Алмания, Словакия жана Чех өлкөлөрү карамай албай калышкан эле.
Чыр бир апта мурда Белауска берип келе жаткан газдын баасын Москва кескин кымбаттаткандан кийин Минск орусиялык нефтиге анын беларустук жер менен өтүп аткандыгы үчүн салык салгандан улам чыккан.

Маскөө мене Минск кармашы баарыдан мурда батыш өлкөлөрүнүн бүйүрүн кызытууда. Эмне дегенде Европа биримдигине кирген өлкөлөр энергия кубатын өндүрүүчү отунду Орусиядан алып атышкан. Боордош өлкөлөр чатагы чыкканда ал отун жеткирилбей калып, ошондон улам Германиянын канцлери Ангела Меркель европалык өнөктөштөр кызыкчылыгын эстеринен чыгарып салышты деп эки жетекчини сынга алган.

Орусиялык талдоочулар болсо «мүйүздүү боломун деп кулагынан ажыраганы калды» деп беларус президентин сындашууда. «Путин өзү куду Лукашенко болуп калды» деп орусиялык жетекчини да сындагандар бар. Үчүнчүлөрү болсо «Орусиялык саясий төбөлдөр Лукашенкону бийликтен кетирип атышат» дешет.

Кандай болгондо да чыр жылдын этегинде «Газпром» концерни Беларуска сатып аткан көгүлтүр отундун акысына мурдагыдай 47 доллар эмес, 100 доллардан ала баштагандан чыккан. Анда Минск режими өз жери менен өтчү орусиялык карамайга 45 доллардан салык салып таштаган.

Андай кадамды беймыйзам деп Маскөө четке каккан. Беларустар салыкка чегерип, орусиялык карамайдан тиешелүү үлүшүн бөлүп ала баштаган. Ошондо дүйшөмбү күнү орусиялык «Транснефт» компаниясы «Достук» ноосу менен акчу карамайын такыр жаап салган. Ал ноо менен карамай алып атышкан Польша, Германия, Словакия жана Чех жумурияттары ошентип отунсуз калышкан.

Анализчилер баамында, Кремлдин мындан аркы саясаты Минскиге карата кескин курчуйт. Анын себеби Беларусту кошуп, союздук мамлекет бололу мүдөөсүнүн оң жыйынтык болбой калганынан дешет.

«Ведомости» басылмасы Маскөө февраль айынан тартып Беларустан алынчу сүт, сыналгы, жыгачташ, бут кийим, эт, картөшкө жана башка товарларга бажы салыгын киргизип атканын жазат. Кызык жери ал товарлардын 90 пайызы Орусияда сатылып келген экен.

Алдыңкы күнү президент Владимир Путин сыналгы аркылуу ал өлкөгө берип келген орусиялык жөлөк пулуна ич оору кебин айтты: «Бул биздин беларустук коллегаларыбызга көргөзгөн жардамыбыз. Анын эсеби Орусия үчүн миллиарддаган, миллиарддаган долларга тете», - деп оозун карманды.

Ал эми Беларус президенти эки күн мурда сыналгыдан өз элин канчалык кыйынчылык болбосун тырышып жашай берүүгө чакырды:

«Суверeнет менен көзкарандысыздык эч кандай табыйгый газга же карамайга сатылбайт!» - деген эле.

XS
SM
MD
LG