Кыргыздын туңгуч тарыхчыларынын бири-Белек Солтоноевдин кыргыз тарыхына арналган кол жазмасы албан түйшүк менен жазылганы белгилүү. Автордун 1916-жылкы элдик көтөрүлүшкө катышып Кытайга качышы, жол азабы жана үркүн түйшүгү чыгарманын ырааттуу жазылышына кедерги келтирип, топтолгон материалдын туш келди пайдаланышына кириптер кылган. Белек Солтоноевдин жазганынан байкалгандай, жазалоочу отряд качан кармап кетет деген кооптонуу авторду түйшөлткөн маселеге айланган. «Эгер кармалып кетсем, эзелден мурунку Николай заманында жашырып жазып жүргөн зарларым кокустан жоголуп кетпесин үчүн аларды жамдап бир дептерге жаздым. 11-январь, 1917-жыл. Кучанын тоосу, Каракол кыштагында Румкан айыккан соң жаздым. Туулгандан 1916-жылга чейин»,-деген жазуу калтырган.
Совет мезгилинин башталыш убагындагы жер реформасынын жүзөгө ашырылышы кыргыз калкынын калыптанышына, теңчил мамиленин орношуна зор салым кошкон. Анткен менен айрым «жолдоштор» убагында тартылып алынган жер менчигин кайра ээлерине кайтарып берүү аракетин көрүшкөн. Акыры маселе Москва деңгээлинде чечилип, 1922-жылдын 11-январында РКП (б) саясий бюросу Түркстан компартиясына ортого алынган жерди ээлерине кайтарып берүү саясий жаңылыш экендигин эскерткен. Партиялык көрсөтмөдө, Жетисуу областында жүргүзүлгөн жер реформасынын мисалы катары кыргыздар келтирилип, анын натыйжасында теңчил заман орногондугу белгиленет. Эгер, жер эски ээлерине кайра кайтарылса, ал кулактык системаны сактоого барабар экендиги эскертилген.
Нарын уездинин IV партия конференциясы 1921-жылдын 11-январында ишин баштады.
Кыргыз басма сөз кызматына эмгеги сиңген таланттуу акын Мукамбеткалый Турсуналиев 1926-жылдын 11-январында жарык дүйнөгө келген. М. Турсуналиев убагында «Кызыл Кыргызстан» гезити менен «Чалкан» журналынын жооптуу редактору сыяктуу кызматтарда эмгектенип, анын коомдук жат көрүнүштө мазактаган сатиралары
«Крокодил», «Чалкан» журналдарында үзбөй жарыяланып турган.
Бу күнү 1895-жылы америкалык ойлоп тапкыч, электроорганды чыгарган Лоренс Хэммонд, жарык дүйнөгө келген.