Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:46

КООПСУЗДУК КЕҢЕШИ КАНДАЙ ЧЕЧИМ КАБЫЛ АЛАТ?


Чолпон Орозобекова , Бишкек Бүгүн Коопсуздук Кеңешинин кезектеги жыйыны болот. Анда парламенттин жана депутаттар кабыл алган жаңы Конституциянын тагдыры чечилиши ыктымал.

Коопсуздук кеңеш бүгүн түштөн кийин башталмак болууда. Кеңештин катчысы Осмоналы Гуронов жыйындын соңунда маалымат жыйыны болоорун айтып, күн тартибиндеги маселелер тууралуу айтуудан баш тартты. Коопсуздук кеңештин жыйыны 30-декабрда эле башталып, бирок соңуна чыкпай калган. Бүгүн Жогорку Кеңеш жана ал 30-декабрда кабыл алган конституциянын тагдыры тууралуу маселе каралаары күтүлүүдө.

Коопсуздук кеңеш табияты боюнча президентке кеңеш айтуучу гана орган болуп саналат. Анын кандайдыр бир чечим чыгара турган же парламенттин тагдырын чечкидей укугу жок дешет байкоочулар:

- Бул деген консультативдик гана орган. Эл тарабынан шайланган парламенттин тагдырын карашы дүйнөлүк тарыхта жолукпаган жорук,- дейт парламент депутаты Кубатбек Байболов.

Ал эми депутат Султан Урманаевдин пикиринде, тескерисинче президент бул маселени дал ушул жыйында козгобой да коюшу ыктымал:

-Парламентти таратам десе, анда мен президенттин кылган ишин таптакыр түшүнбөйм. Бирок, президент анчалыкка барбайт го деп үмүттөнөм. Эгер коопсуздук кеңештин жыйыны менен парламентти таркатам десе. анда өтө кызык мамлекетте жашап атабыз. Бирок президенттин деле кеңешчилери бар да. Менимче коопсуздук кеңештин бул жыйынында дал ушул маселе атайын эле каралбайт болуш керек деп турам,- дейт Султан Урманаев.

Коопсуздук Кеңеш тууралуу 1996-жылы жобо кабыл алынган. Анда бул кеңеш конституциялык орган деп айтылат. Ал эми Башмыйзамда болсо президент коопсуздук кеңешти түзөт делип, бирок Коопсуздук Кеңештин ыйгарым укуктары такталган эмес. Ага президент төрагалык кылып, учурда ага 11 адам мүчө. Жогорку Кеңештин спикери, Мамлекеттик катчы, Башкы прокурор жана күч министрлери да кирет. Коопсуздук кеңеш президенттин жарлыгы менен түзүлөт жана курамы аныкталат.

“Конституциялык саясат институтунун” башчысы Нурлан Садыковдун айтымында, бул кеңеш мамлекеттик бийлик бутактарынын тагдырын чече албайт:

-Мындай рекомендациялык кеңеш берүүчү органдар конституциялык органдын статусуна ээ эмес. Конституцияда анын ыйгарым укуктары көрсөтүлгөн эмес. Анын ыйгарым укуктарына улуттук коопсуздукка, чукул кырдаалдарга жана башка экономикалык маселелер боюнча президентке кеңеш гана бере алат. Бирок мамлекеттик бийликтин кайсы бир бутагынын ишмердигине кийлигише албайт,- дейт Нурлан Садыков.

30-декабрда коопсуздук кеңеш өлкөдөгү саясий кырдаалды жана парламенттин тагдырын карап баштап, бирок аны жаңы жылдан кийин улантуу ниетин менен тараган. Бүгүнкү жыйын жабык эшик артында болот жана журналисттер да киргизилбейт.

XS
SM
MD
LG