Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:02

ГУАНТАНАМОНУН БЕШ ЖЫЛДЫГЫН АКТИВИСТТЕР НААРАЗЫЛЫК МАНИФЕСТАЦИЯСЫ МЕНЕН БЕЛГИЛЕШЕТ


Мындан туура беш жыл мурда АКШнын Гуантанамодогу аскери лагерине биринчи туткундар жеткирилген. Бул датага байланыштуу укук коргоочу уюмдар, алардын ичинде эл аралык федерация бүгүн Кубада массалык демонстрация өткөрөт. Amnesty International жана Human Rights Watch АКШ бийликтерине кайрылып, аскери бул түрмөнү жапканга чакырышты.

Мындан беш жыл мурда Ооганстанда туткунга алынган жыйырмадай талип Гуантанамого жеткирилген. Бул лагерди АКШнын бийликтери эл аралык террорго каршы уруштун зарыл элементи,Американын эң коркунучтуу душмандары кармала турган коопсуз жай болот деп жарыялашкан. Пентагондун мурдагы башчысы Доналд Рамсфелд Гуантанамодогу базаны дүйнөлүк согуштардын тарыхында кезиге элек эң мыкты туткун лагери деп атаган. Беш жылдын ичинде бул түрмөдө 45 өлкөнүн 750 жараны болду. Түрмөдө азыр төрт жүздөй айыпкер бар.

Гуантанамодогу лагерди эл аралык укук коргоочу уюмдар,бир катар өлкөлөр,Евросоюз жана Улуттар Уюму сынга алып,анын жабылышын талап кылышкан. “Колуна чидер салынып, көзү таңылган биринчи туткундар Гуантанамого келгенден бери беш жыл өттү, бирок алардын бирине да ушу кезге чейин эч кандай айып тагыла элек, бирөө да сотко бериле элек”, - деп айтылат адам укуктары боюнча эл аралык федерациянын атайын билдирүүсүндө. Федерациянын айтымында,Гуантанамодогу кырдаал дүйнөнүн ар кайсы аймактарындагы абалга терс таасирин тийгизип,бир катар өлкөлөрдү антитеррордук урушка жамынып,адам укуктарын бузганга түртүп жатат. Amnesty International жана Human Rights Watch түрмөдөгү туткундарга айып тагылышы керек, болбосо аларды бошотуу зарыл деп эсептейт.

Бүгүнкү манифестацияга катышканы Кубага АКШдан,башка өлкөлөрдөн көптөгөн активисттер, Гуантанамодо кармалып жаткандардын туугандары, лагердин мурдагы туткундары келишти. Алардын арасында АКШнын жараны Синди Шихан да бар. Шихандын уулу Ирактагы урушта окко учкан. Ал эми британдык Азиф Икбал эки жыл Гуантанамодо сураксыз кармалып жатып, 2004-жылы бошотулган. Ливиялык Зохра Зебабинин уулу болсо бир нече жылдан бери лагерде жатат. Зебаби кечээ Гаванадагы жыйында америкалык президентке багыштаган сөзүндө, эгер Буштун уулу ушул лагерде жатканда,ал өзү кандай абалда болот эле? – деп собол койду.

Кубанын өкмөтү бүгүнкү манифестацияга эч кандай тоскоолдук кылбай турганын ырастады. Демонстранттар лагердин эшигине жуук барып, митинг өткөргөнү жатышат.

XS
SM
MD
LG