Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:12

БАКИЕВДИ ПРЕЗИДЕНТТИККЕ … АБСАМАТ АКЕНИН КЕРЭЭЗИ АПКЕЛДИ БЕЛЕ?


«Биздин оюбузча президент жаңы Конституцияга колун койбойт, эгер кол кое турган болсо биз парламентти таратуу үчүн аракеттене баштайбыз» деп айтты бүгүнкү жарык көргөн «Лица» гезити аркылуу «Ар-намыс» партиясынын жетекчиси мырза Эмил Алиев.

Ал эми ушул эле гезиттеги эки бетке толтура берген маегинде бакиевчил депутаттардын бири Искак Масалиев, эгер президент өкмөт башчылыгына талапкер кылып Куловдун талапкерлигин койсо, депутаттар анда Куловго каршы добуш беришерин билдирген. «Айтыңызчы, сизди Бакиевдин жакын санаган адамдарынын бири деп айткандарды кандайча түшүндүрөр элеңиз?» деген суроого депутат И.Масалиев, 2000-жылдан баштап Бакиевди колдоп келгенин, анткени анын инилери менен дос экенин, кийин-кийин өлкөнү саясат тумоосу каптаган маалда, атасы, маркум Абсамат Масалиев, башкаларга караганда Түштүк менен Түндүктүн Чүй танабында Бакиевдин абырою кыйла дурусураактыгын, ошондуктан аны колдогула, президенттикке даярдагыла деп айтканын… Бакиев менен жакындыгы азырынча эчкимге зыян алып келе электигин, тескерисинче болгон чындыкты анын көзүнө тике айтууга артыкчылыгы барын, мисалы ал башында турган коммунисттер «армиясы» өлкөнүн энерготармагын менчиктештирүүгө каршы экендигин аңгемелеп берген.

Гезит ошондой эле 2006-жылдын 30-декабрында кабыл алынган Конституциянын жаңы редакциясын кыскартуу менен жарыялай баштады.

«Алас» гезити, бүгүн тирешкен эки тарап тең демин ичине тартып күтүп турганын, кырдаалдан чыгуу үчүн эки тараптын бирөө союлду биринчи болуп шилтээри эртедир-кечтир турган иш болорун, асыресе, бийлик тараптын союлу-парламентти таратуу же өзү тараганга аргасыз кылуу экендигин, таратып жиберген соң каражат жок деген шылтоо менен шайлоону ары жылдырып, ач кулактан тынч кулак деп, өлкөнү ХИПИКке алып кирерин, кирешелүү Энерготармак менен Кыргызтелекомду, «Манас» аэропортун, Жерүй алтын кени өндүү кыргыз экономикасынын арка-бели болгон өндүрүш өнөлгөлөрүн бөлүп-бөлүп сатып жиберишерин… анан элдин кыжыры кайнап, көчөгө Акыл-Эс эмес, Кара Күч чыгарын жазды.

«Апта» гезитинин, бүгүнкү санындагы баштемалар көбүнесе кыргыз молдолорунун чыр-чатагына арналган. Анда муфтий Мураталы ажыны Бишкектеги мечитинен кубалаганы алыстан ат арытып келип, милийсалар тарабынан кармалып, абакка бир түнөп алып, эртеси соттолуп, 500 сом айыппул төлөп кутулган Элдик революцияны коргоо кыймылынын Базар-Коргон райбашкармалыгынын коопсуздук боюнча орунбасар төрагасы Анарбай Орозовдун маегин окууга болот.
XS
SM
MD
LG