Парламенттик иликтөө жөнүндө мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште бүгүнкү жыйында добушка коюлуп, өткөн жок. Ал долбоор Жибек жолу депутаттык тобу тарабынан сунуш кылынган. Жогорку Кеңеш өзүнүн көзөмөлдүк кылуу укуктарына таянып, парламенттик териштирүүлөрдү өткөрүп келатат, бирок анын эреже тартиби, жол-жобосу аныкталган эмес болчу. Жаңы мыйзам долбоору, депутат Т. Сариевдин айтымында, ушул кенемтени толтурат. Бирок, бир катар депутаттар бул мыйзам долбоору чала иштелген, башка мыйзамдарды кайталайт деп каршы чыгышты.