Бүгүн түштөн кийин Коопсуздук кеңеши өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды кароону улантты. Коопсуздук кеңештин жыйыны 30-декабрда эле башталып, бирок соңуна чыкпай калган. Коопсуздук Кеңеши парламенттин жана депутаттар кабыл алган жаңы Конституциянын тагдырына байланышкан маанилүү чечимдерди кабыл алышы да ыктымал.