Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:17

17:05 Коопсуздук кеңеш Конституциянын жаңы редакциясына кол коюуну президентке сунуштады


Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Нурлан Шакиев коопсуздук кеңештин бүгүнкү жыйыны аяктагандан кийин билдирди. Анын айтымында, мындай сунушту коопсуздук кеңештин мүчөлөрү бир ооздон колдоду. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Феликс Кулов азыркы кырдаалды эске алуу менен жаңы редакцияны колдогонун белгилеген. Президент өз кезегинде бул маселени караштырууда коопсуздук кеңештин сунушун эске алаарын билдирген. Коопсуздук кеңеште конституциянын жаңы редакциясы боюнча Жогорку Кеңештин төрагасы Марат Султанов маалымат берген. Жыйында паралментти таркатуу маселеси көтөрүлгөн эмес. (AiT)

XS
SM
MD
LG