Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:56

АКШ ПРЕЗИДЕНТИНИН ИРАК БОЮНЧА ЧЕЧИМИ АР БАШКА ПИКИР ЖАРАТУУДА


Нарын Айып, Прага 10-январда кечинде АКШ президенти Жорж Буш - Иракка кошумча аскер жиберүү тууралуу чечимин жарыялады. Андан тышкары Жакынкы Чыгышта "Пэтриот" деген ракеталык система дагы орнотулат жана деңизге учак конуучу жаңы кеме жиберилет. Президенттин чечимин айрым өлкөлөр менен саясатчылар колдогону менен, ага АКШ Конгресси жана президенттин өзүнүн Республикалык партиясынын айрым белгилүү мүчөлөрү каршы чыкты.

Президент Буштун айтымында, Ирактагы абалды калыбына келтирип, террорчулар менен салгылашууда ылдамырак жеңип чыгып, америкалык аскерлердин мекенине тезирээк кайтып келишин камсыз кылыш үчүн Иракка кошумча аскер жиберилүүгө тийиш. Азыр өлкөдө 132 миң америкалык аскер бар жана президент дагы 21 жарым миң адам жиберилет деп билдирди, алардын 17 жарым миңи Багдад шаарында, калган төрт миңи - айыгышкан салгылашуулар жүрүп жаткан Анбар провинциясында жайгаштырылат.

"Азыркы тапта чегинүү - Ирак өкмөтүнүн кулашына алып келет жана өлкө жөн гана чачырап кетиши мүмкүн, мыкаачылык кыргын болсо эбегейсиз деңгээлге көтөрүлөт. Окуялар ошондой нукта өнүксө, анда биздин аскерлер Иракта андан да узак мөөнөткө калууга мажбур болот жана душман менен тирешүү ого бетер күчөйт", - деди Буш 10-январда.

Иракта кошумча аскерлерди жайгаштыруу үчүн беш миллард 600 миллион доллар каражат керек болот, бирок аскерлер качан жиберилээри тууралуу президент так билдирген жок.

Андан тышкары, Буштун айтымында, Ирактагы террорчуларга жардам көрсөтүп жаткан Сирия менен Ирандын аракеттерин чектөөгө багытталган чаралар да көрүлөт жана аймактагы коопсуздукту камсыз кылуу үчүн региондо "Пэтриот" деп аталган ракеталык коргонуу системасы жайгаштырылат, дэңиз жээкке болсо учак конуучу дагы бир кеме жиберилет. Ал эми Ирак өкмөтү өз милдеттерин так аткарууга тийиш, анткени америкалык аскерлер өлкөдө түбөлүккө кала бербейт деди Буш.

Президенттин мындай чечимине АКШ Конгрессинин жетекчилиги мурдатан эле каршы чыгып келген, сенатор Эдвард Кеннеди болсо 9-январда - мындай аракеттерди Конгресс каржылабаш керек деп билдирген. Президенттин сөзүнөн кийин дагы Эл өкүлдөр жыйынынын спикери Нэнси Пелоси жана башкалар, андан тышкары, президенттин Республикалык партиясынын атынан шайланган бир нече сенатор Буштун чечимин сындап чыкты.

Анткен менен Улуу Британия, Жапония жана Австралия жетекчилиги чечимди колдоого алды. "Президенттин алдында эки мүмкүнчүлүк бар болчу - же кабыл алган чечимин жарыялоо, же кыйыр түрдө болсо дагы Батыш Иракта жеңишке жете албаганын моюнга алып, аскерлердин чыгарыла башташы жөнүндө билдирүү. Менин оюмча, мындай абалда президент реалдуу чечим кабыл алды", - деди Австралиянын премьер-министри Жон Говард.

Бирок Ирак премьер-министри Нури ал-Маликинин кеңешчиси Сами ал-Аскаринин пикиринде, өлкөдөгү америкалык аскерлердин санынын көбөйүшү абалды баары бир орчундуу оңой албайт жана кошумча аскер жибергиле деп Ирак өкмөтү сураган эмес. Орус коргоо министринин кеңешчиси Владимир Шамановдун айтымында болсо, аймакта "Пэтриот" ракеталык ситемасын орнотуу жана регионго кошумча кеме жиберүү - Иранга каршы багытталган чара жана мындай аракет өтө тынчсыздандырат.

XS
SM
MD
LG