Муфтий Мураталы Жумановду кызматынан кетирүү талабы өткөн жылдын соңунан бери айтылып келатат. Айрым диний кызматкерлер муфтий Муратаалы ажы Жуманов дин башкармалыгын коррупциялаштырды деген дооматтарын коюшуп, ал кызматынан кетмейин нааразылыгын уланта берерин айтышкан. Өзүн «Элдик революцияны колдоо кыймылынын» өкүлүмүн деген Абдулла Юсуповдун айтымында, диндин негизинде чыгышы ыктымал согушту алдын алуу үчүн бийлик Мураталы ажы Жумановду кызматынан тез арада кетирүү чечимин кабыл алышы керек:
“Мына ушундай абал бийликке да кошумча баш оору алып келип жатат. Диндин негизинде согуш чыгышы ыктымал, ошондуктан аны алдын алуу үчүн бийлик муфтий Жумановду тез арада кызматынан алуу үчүн чараларды көрүп, динди түшүнгөн, таза адамды алып келиши керек».
Абдулла Юсупов ошондой эле муфтий Жуманов нааразылыкты токтотуу үчүн ага 20 миң сом сунуш кылганын айтып, муну далилдей турган үн диктофонго жазылганын белгиледи.
Ушул эле кыймылдын мүчөсү Анарбай Орозов муфтийди кызматтан кетирүү талабы менен он чакты арыз түшкөнүн айтып, элдик ыңкылапты коргоо кыймылы муфтий кетмейинче нааразылыктар улана берээрин эскертти: “Биз бул жолдон артта кайтпайбыз, муфтият тазаланып, муфтий кызматынын кетмейиче биз эч жакка кетпейбиз. Муфтий билими жоктугунан биздин мусулмандарды уят кылды. Мына 30-декабрда өтчү Курман айтты 31-декабрга которуп салды”.
Мындай талаптарды Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Мураталы Жумановдун маалымат катчысы Асан Саипов негизсиз деди. Ал мындай иш-чаралардын артында муфтийдин ордуна келүүнү каалаган күчтөр турат деп эсептейт:
“Бул жерде эки адамдын кызыкчылыгы менен динди булгаш туура эмес. Себеби, булардын артында кандайдыр бир күчтөр бар. Мураталы Жумановдун ордун алабыз деген адамдар бар, балким Хизб-ут-Тахрирчилер бар, анткени алар мамлекетке каршы ар кандай иштерди жасап жатышат”.
Ал эми айрым эксперттер, бирөөнүн менчигин басып алуу оорусу эми дин жаатына да келгенин, бул окуялар ошого далил болуп берээрин белгилешет. Муфтийдин каршылаштары болсо өз кезегинде Мураталы Жуманов кызматтан кетмейин, мындан да чечкиндүү кадамдарга барышаарын айтышууда.