Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:09

КЫРГЫЗСТАН-ӨЗБЕКСТАН: ВИЗАСЫЗ КАТТАМ КАЛККА КЕРЕК


Кыргызстан менен Өзбекстан ортосунда визасыз каттам жөнүндөгү алтымыш күндүк макулдашуу жакында күчүнө кирет. Президенттин басма сөз кызматы Кыргыз парламенти ратификациялаган бул макулдашууга президент Курманбек Бакиев кол коюу алдында турганын кабарлады. Өзбек парламенти ратификациялаган аталган документке президент Ислам Каримов шаршемби күнү кол койгондугу мурда кабарланган. Эки тышкы иштер министрликтери кол коюлган документтер боюнча нота алмашкан соң, алар расмий күчүнө кирмекчи.

Бул макулдашууга президенттер Курманбек Бакиев менен Ислам Каримовдун өткөн жылдын сентябрындагы эки тараптуу расмий жолугушуусунда кол коюшкан. Макулдашуу боюнча Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандары бири-бирине алтымыш күн бою визасыз каттоо укугуна ээ болот. Тышкы иштер министринин маалымат катчысы Нуржигит Кадырбековдун билдиргенине караганда, аталган документти ишке киргизүүнүн техникалык жактары калды:
- Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев кол коеру менен Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги Өзбекстандын тышкы иштер министрлигине нота жөнөтөт. Ноталар алмашылгандан кийин бул макулдашуу расмий түрдө күчүнө кирет.

Президент Бакиевдин Ташкент сапарынын учурунда тараптар документти жылуу мамиленин данакери катары сыпатташкан. Жогорку Кеңештин депутаты Давран Сабиров бул макулдашуунун келечекте визасыз туруктуу каттамдарга чейин өсүп жетеринен үмүтү бар:

- Алтымыш күндүк визанын чечилиши ошонун башталышы деген тилек бар. Мисалы, биздин Баткендеги жарандарыбыздын Ташкенге барышы же ташкендиктердин бизге келиши канча проблеманы түзүп жатат. Ошол маселелер чечилсе проблема дагы азаят.

Кыргыз-өзбек чегарасында ар кыл өңүттөгү маселелер тынымсыз жаралып турат. Эл ташуучу автоунаалардын каттамына байланышкан мындай проблемалардын бирин парламенттин шейшемби күнкү сессиясында депутат Мурат Жураев айтып чыкты:

- Биринчи январдан баштап Өзбекстанда жаңы мыйзам киргизилген, өткөн машиналарга үч жүз доллар алат деп. Мына азыр биздин Лейлектен сегиз күндөн бери автобустар каттабай атат. Себеби, үч жүз доллар биздин элге кыйын. Себеби, мурда билет сегиз жүз сом, жети жүз сом болсо, ошол үч жүз долларды кошкондон кийин билеттер дагы кымбаттап кеткен… Эмне үчүн булар бир тараптуу үч жүз доллар кылып койду. Андай болсо биз дагы Сохко, Шахимарданга ошондой кылалы.

Парламенттеги мындай маалыматты Өзбекстан чегара кызматы дароо четке кагып, кыргыз депутаттарын кадыр-барк чогултуу үчүн ашыкча аракети катары баалап, бул эки тараптуу мамилени жакшыртпай турганын белгилеген.

Анткен менен депутаттык комиссия ушул өңдүү элдин күндөлүк жашоосуна таасир эткен чегара маселелерин жеринде териштиргени жатат. Мындан тышкары автоунаалардын төлөм акыларына байланышкан маселелерди жөнгө салууну сурап кыргыз парламенти эки өкмөткө кайрылганы турушат. Бул тууралуу «Азаттыкка» депутат Давран Сабиров билдирди:

- Азыр мына парламентте кат даярдап атабыз. Өзбекстан аймагынан өтүш үчүн чоң машинелерге үч жүз доллардан акы төлөш боюнча. Ушуну биз дагы, Өзбекстан дагы иретке келтириши керек. Эки өкмөт чечиш керек. Эки өкмөт карап чыгышы керек комиссиясы менен. Өзбекстан аймагында машина жүрүшү үчүн канча доллар төлөш керек, биздин жолдор аркылуу Өзбекстан машиналары өтүп жүрөт Хорокко.

Жергиликтүү талдоочулар болсо Өзбекстан менен Кыргызстан чегарасы такталмайынча чегарадагы проблемалардан арылуу кыйын деп жүрүшөт. Эгемендик келгенден кийин башталган кыргыз-өзбек чегарасын тактоо качан аягына чыгарын тараптардын бири да болжоп айта алышкан жери жок. Биргелешкен комиссиянын кезектеги отуруму Бишкекте он бешинчи январда ишин баштаары күтүлүүдө.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG