Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:00

ӨЗБЕКСТАНДЫК КАЧКЫНДАРДЫН АБАЛЫ КЫЙЫН


Анжиян коогалаңына байланыштуу мекенинен качып чыгып, Кыргызстанда баш калкалап жүрүшкөн Өзбекстандык качкындардын абалы оор болууда. Аларга айрым эл аралык уюмдар тарабынан берилип келген батир үчүн төлөнүүчү каражат жана жан башына эсептелип берилүүчү тамак-аш берилбей калды. Качкындарга мындай жардам берип келген уюмдардын бири - “Адилет” укуктук клиникасы бул бир жолу гана көрсөтүлүүчү жардам экендигин белгилеп, бирок жаңы жылдан тарта Өзбекстандык качкындарга дагы колдоо болорун билдирүүдө.

Анжиян облусунан качып келген Саиджандын беш баласы бар. Ал 2005-жылы сентябрь айынан бери үй-бүлөсү менен Кыргызстанда. Алгач Ошто баш калкалап жаткан Саиджандын үй-бүлөсү кийинчерээк Өзбекстандык коопсуздук кызматкерлеринин коркунучунан улам Бишкекке көчүп келүүгө аргасыз болгон. Саиджан үй-бүлөсү менен жашаган батирде дагы ушундай качкын үч үй-бүлө жашайт. Минтип жашоо батир акысын чогуулап төлөөгө жеңил болот дейт Саиджан:

-Ижарага батирге туруу Бишкекте кымбат экен. Бул жагынан кыйынчылык болуп жатат. Ушинтип чогуу төлөп жашап жатабыз.

Качкындарга тамак-аш жана батир үчүн төлөнүүчү каражат жагынан “Адилет” укуктук клиникасы жардам берип келген. Ар бир кишиге башында 480 сом акча, үч айда бир жолу ун, макарон, кумшекер, чай жана май сыяктуу тамак-аш берилчү.

Аталган клиниканын улук юристи Үрниса Мухиддинованын “Азаттыкка” маалымдаганы боюнча качкындарга мындай жардам бир ирет гана берилет:

- Жардам бир гана жолу берилет. Бирок Өзбекстандык качкындарга ай сайын жардам берилип келди. Алар батир үчүн төлөнүүчү каражатты жана тамак-аш алып келишти. Мындай жардам дайыма берилбейт, алар чөйрөгө көнүшүп, өздөрү жумуш таап, иштеген убакытка чейин гана берилет.

“Адилет” укуктук клиникасынын улук юристи Үрниса Мухиддинова бул жылы да ай сайын болбосо да бир жолу берилүүчү жардамдар болот деп кошумчалады.

Качкындардын айтуусунда алар жашоо үчүн жумуш издеп, иштөөгө аракет жасап келишүүдө. Бирок алардын Өзбекстандын жараны, “качкын” экенин билген иш берүүчүлөр көп учурда аларды жумушка алуудан баш тартышат. Саиджандын улуу баласы Бишкектеги кафелердин бирине ашпозчуга жардамчы болуп орношкон, бирок көп өтпөй бошотулган:

- Зарылчылыктан улам бир-эки жолу эски, ашыгыраак кийимдерди базарга алып чыгып саттым. Уулум ашканага ишке орношуп, жардам кылып жатты эле, кожоюнун милиция чакырып сүйлөшкөн экен, ошондон кийин бошоп калды. Дагы бир уулум сүрөт тартат, бирок аны сатып өткөрүү оорураак экен.

Качкындардын айтуусунда алардын дээрлик бардыгы Кыргызстан тарабынан качкын деп таанылган эмес. Ошондуктан, аларга мыйзамдуу түрдө ишке кирип, иштөөгө мүмкүн эмес. Азыр алардын бир гана тилеги – эртерээк үчүнчү мамлекетке чыгып кетүү болууда.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG