Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:58

7:55 Кыргызстандык ажылардын бир тобу Сауд Арабиянын Жидда шаарында кармалып калды


50 чакты адамдан турган бул топ Жиддадан Стамбулга «Түрк аба жолдору» авиа компаниясы аркылуу 11-январда түнкү 12 жарымда учушу керек эле. Бирок алар таң атканча кармалып, кийинчерээк Жидданын бир мейманканасына жайгаштырылды. Авиа компания бирде аба ырайына, бирде башка себептерге шылтап аларды учурбай койгон. Бирок бул топтон кийин келген түркиялык ажылардын өз убагында учуп кетип жатышы кыргызстандык ажылардын нааразылыгын пайда кылганын «Азаттыкка» Жиддадан телефон аркылуу тележурналист Эрнис Кыязов билдирди. Бул топ Стамбулга бүгүн учаары күтүлүүдө.(SM)

XS
SM
MD
LG