Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:02

ХЬЮМАН РАЙТС УОТЧ УЮМУ: КЫРГЫЗСТАНДА АДАМ УКУГУ БОЮНЧА АБАЛ НАЧАР


Эл аралык “Хьюман райтс уотч” укук коргоо уюму дүйнөдөгү адам укугунун абалы боюнча жылдык баяндамасын жарыялады. Анда АКШ адам укугун коргоочу катары позициясын жоготуп бара жаткандыгы белгиленди. Алты жүз барактан турган баяндамада башка өлкөлөр менен бир катар Кыргызстанда дагы адам укугун коргоо боюнча абалга баа берилди.

Дүйнө өлкөлөрүндө карапайым адам болобу, көз карандысыз журналист же саясий активист болобу, коркутуп үркүтүү, куугунтукка алуу, кыйноо сыяктуу көрүнүштөргө кабылып жатканы уюмдун 2007-жылда жарыялаган бандамасында айтылат.

Түндүк Корея, Мьянмар жана Түркмөнстан – дүйнөдө эң эле репрессивдүү режимдеги өлкөлөрдүн тизмесине кирди. Ал эми көз карандысыз маалымат каражаттарына кысым көрсөткөн жана адам укугун коргоо боюнча начар абалда деп табылган Кытай, Орусия, Казакстан, Өзбекстан жана Иран катуу сынга алынды.

Америка Кошмо Штаттары өзүнүн эң коркунучтуу душмандары делинип, эч кандай соту жок эле Гуантанамада жаткан туткундарды кыйноо катуу сынга алынган. Отчетто айтылганга караганда, Кошмо Штаттары туткундарды суунун астында көп убакытка чейин кармап, кыйнайт. Муну болсо Хьюман райтс уотч уюму “кыйноонун классикалык техникасы” деп атаган.

Мындай жагдай Вашингтон адам укугун коргоодогу лидерлигин жоготконун көрсөтүп турат, деп айтылат баяндамада.

“Хьюман райтс уотчтун” Европа жана Борбордук Азия боюнча бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Рэйчел Денбердин билдиргенине караганда, Кыргызстанда да адам укугу боюнча абал анча жакшы эмес. Мисал катары баяндамада, өткөн жылы Кыргызстандын беш өзбек качкынды Ташкентке өткөрүп берүү чечими айтылат.

“Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун төрайымы Азиза Абдырасулова Кыргызстанда өзбек качкындарынан сырткары карапайым адамдардын жашоого болгон укуктары бузулуп жатканын айтты: “Хьюман райтс уотч уюмунун баяндамасында белгиленбеген бир нерсени айткым келет. Бул -милиция кызмактерлери тарабынан кыйнап, сабоонун улантылышы. Кыргызстанда адам укугунун бузулушу боюнча фактылар көп. Бирок жакшы жетишкендиктер да бар. Мисалы, жарандардын пикет, митингдерди, эркин жайындарды өткөрүүгө болгон укугу азыркы күндө оңолду”,-деди Азиза Абдрасулова.

Мындан сырткары, баяндамада Кыргызстанда үй бүлөөлүк зомбулук, өзгөчө, аялдарга болгон мамиле, ошол эле ала качуу сыяктуу көрүнүштөр өзгөчө белгиленди.

Ала качуу-бул салтпы же кылмышпы деген маселенин айланасында ар кыл талкуулар жүрүп келет. Азиза Абдарсулова күчтөп үйлөнтүү, ала качуу бул түздөн түз адамдын жашоого болгон укугунун бузулушу деп эсептейт.

Ал эми Кыргыз Славян университетинин профессору, эл аралык укук боюнча адис Бекбосун Бөрүбашев адам укугу боюнча абалды ондош үчүн алгач коомду оңош керек деген пикирде:

“Коом жөнүндө маселе көтөрүш керек. Мисалы, жалгыз бир адамдын тегерегинде маселе көтөргөн туура эмес. Бул жагынан айрым эл аралык уюмдардын кээ бир көтөргөн маселесине мен макул эмесмин. Биз Кыргызстанда коомдук абалды көтөрмөйүнчө адамдардын укугу боюнча абалды оңой албайбыз. Адис катары айтсам, Жапонияда баш мыйзамда “адам укугу” деген термин жок, ал жерде “элдин укугу” деп айтылат. Менин оюмча, бул туура”.

Айрым байкоочулардын пикиринде, Кыргызстанда адам укуктарынын начар абалы бийликтин жоопкерсиз мамилесинен, күнөөлүүлөрдүн жоопко тартылабагандыгынан болууда.

XS
SM
MD
LG