Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:32

ЕВРОПАГА ЧЫГЫШТАН МУНАЙ КЕЛЕ БАШТАДЫ


Орус президенти Владимир Путин менен Беларустун президенти Александр Лукашенко 10-январда телефондон байланышканда кимиси көбүрөөк сүйлөгөнү бизге белгисиз, бирок Маскөө менен Минскинин ортосундагы жогорку деңгээлдеги телефон сүйлөшүүсү аяктагандан кийин, өз максатына жеткен тарап Путин экендиги айгине болду. Ошол эле күндүн кечинде Орусиядан Беларус аркылуу Батышка мунай ташуу калыбына келтирилип, ал жакта кыжаалат болгон бийлик өкүлдөрүнүн көңүлү тынчыды.

Путин ошондой эле Лукашенко өткөн аптада киргизген ташуу салыгынын алынып салынышына жетишти. Беларус өкмөтүнүн жетекчиси Сяргей Сидорски бүгүн Маскөөгө аттанып жатып, мунай ташуу боюнча сүйлөшүүлөр улана тургандыгын бышыктады:

Келерки эки күндө биз ортодогу соода алакаларына тийешеси бар башка суроолорду, анын ичинде Беларуска мунай жиберүү, аны Беларустун аймагы аркылуу ташуу жана орусиялык компаниялар менен түзүлгөн келишимдердин негизинде Транснефт ишканасынын Беларус аркылуу мунай ташышына байланышкан маселелер да чечилет деп ойлоп жатабыз.

Маскөө ошондой эле Беларус аркылуу өткөн "Достук" мунай куурунун айланасындагы тирештин мезгилинде Минск куйдуруп алганы шектелген дээрлик 80 миң тонна кара майдын акысын төлөттүрүп алууга үмүттөнүүдө.

Эки боордош өлкөнүн мунай чатагы Европа Биримдигинин мүчө-өлкөлөрүн кыйла кыжаалат кылды. Биримдиктин энергетика комиссары Андрис Пиебалгс шаршемби күнү Орусия менен Беларусту сөзгө келүүгө чакырган эле:

Беларус менен сүйлөшүүсүндө Орусия жакшы жыйынтыкка жетип, мунай ташуунун узак мезгилдүү жана туруктуу шарттарына макулдашат депишенебиз. Анткени бул - Орусиядан мунай жеткирүүнүн коопсуздугунун эң мыкты кепилдиги болот,-
деп айтты европалык энергетика башчысы.

Ошону менен бул ирет Александр Лукашенко жеңилип калды. Өз бийлигин бекемдөө аракетинде ал ушул аптада өз уулу Виктарды өлкөнүн Коопсуздук кеңешине дайындады. Мурда президенттик гвардияны жетектеген Виктар Лукашенко ошону менен Беларустун КГБсынын төрагасы жана ички иштер министри менен тең ата макамга ээ болду.

XS
SM
MD
LG