Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:28

ЖАЛГЫЗ ПЕШКА КОРОЛЬ БОЛБОЙТ


Бирок, мунун тескерисинче «генералдыкты эңсебеген солдат солдат эмес» деген да учкул сөз бар эмеспи, кечеги өткөн Коопсуздук кеңеш жыйынында Ф.Кулов президентке, жаңы Конституцияны колдобоңуз, парламентти таратыңыз, деп айтты деп жазган «Агым» гезити, Бакиев ушу кезде эки оттун ортосунда калганын, эгер тандемдешинен ажыраса анысы эртең эле элдешкис душманга айланып чыга келерин, эгер Куловду сактайм деп парламенттен ажыраса жаңы шайлоонун шайтан оюндарына барып кирерин, бирок андан «аман-соо» чыгабы, ал жагы абдан кыйын болорун сөз кылды. Гезит ушул эле санына Ф.Куловдун ордуна өкмөт башы болуп А.Ногоев, Д.Үсөнов, М.Керимкулов, М.Абдылдаев, Г.Семененко деген атка минерлердин бири барып калышы ыктымал деген божомолун да кое берди.

«Айкын» гезити, өткөн жылы мечиттен чыгып келаткан жеринен атып өлтүрүлгөн кылмыш дүйнөсүнүн аталыгы Рысбек Акматбаевдин тирүү экендигин, ал азыр Тибетте жүргөнүн, мындай маалыматты Орусиянын ОРТ телеканалы Акматбаевдин Египеттин бир мечитинде намаз окуп олтурган жеринен тартып алып таратканын, эл оозундагы дагы бир элек сөзгө караганда депутат Мелис Эшимканов ага жолугуп маек курганын, маек жакында «Агым» гезитине жарык көрөрүн, баса, Рысбек кыргыз бийлигине ысык салам жолдогонун кабарлады бүгүнкү санында.

Кыргызстандын маалымат айдыңында бүгүнкү бийликти жактагандар менен ага каршы ой-пикирлердин талаш-тартышы жүрүп жатканын, айрымдары аны алтургай согуш талаасына салыштырарын, бирок, кандай болгон күндө да өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин «МСН» гезити аркылуу журналист Замир Өсөров талдоого алды.

Келечектеги парламент партиялык тизме менен шайланып келерин, саясатчылар ушу тапта ушундай жол менен өтө турган шайлоо гана уруу-урууга, жер-жерге бөлүнүүчүлүккө чекит коерун айтып жатышканын, эгер баары алар айткандай болсо жаңы шайлоо чындап кыргыз элин бириктирүүгө кудурети жетеби же жокпу… «Слово Кыргызстана» гезити мына ушунун тегерегинде ой калчаган макаласын жарыялады.

«Жаңы кылым» гезити ушул жылдын 1-январынан тартып газдын 1 кубометр акысы өткөн жылдагыдай 3 сом 70 тыйын эмес, 5 сом 50 тыйын болгонун элдин эсине салуу менен бирге бир кезде экс-президент А.Акаев энергетика тармагынын арабасын тарткын деп азыркы Ош губернатору Жантөрө Сатыбалдиевди дайындаганын, анан ал КТРга эки-үч ирет чыгып, бул тармакты менчиктештирбесе болбойт деп сүйлөп жүргөн бойдо бошоп кете бергенин кеп кылды.

«Кыргыз туусу» гезити, өлкөдө тиешелүү мыйзамдардын чабалдыгы Түштүктө диний экстремизмдин күчөшүнө шарт түзүп жатканын, маселен Жалал-Абад дубанынан Кыргызстандын бүтүндүгүнө шек келтирген 499 китеп, 1747 баракча, 137 аудиокассета, ар кандай 16 колжазма алынганын, кечээ эле жалгыз мүчөсү жок Хизб-ут-Тахрир диний-саясый партиясына мүчө болгондордун саны бүгүн бир обулустун аймагында эле 4000ге жеткенин кабарлаган.
XS
SM
MD
LG