Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:35

КЫРГЫЗ АЯЛДАРЫ ЗОРДУКЧУЛУКТАН КОРГОЛГОН ЭМЕС


Террорго каршы глобалдык күрөш баштаган Кошмо Штаттары адам укуктарын колдоо жана сактоо жаатындагы кадыр-баркынан кол жууп калды. Укук коргоочу Хьюман райтс Уотч уюмунун үстүбүздөгү жылдагы жаңы жарыяланган отчетунун негизги корутундусу ушундай болду. Отчетто ошондой эле Кыргызстанга байланыштуу бийликтер жапа тарткан аялдарды зордукчулар менен элдешүүгө үндөй тургандыгы сынга алынат.

Кошмо Штаттарында жайгашкан Хьюман Райтс Уотч уюму быйылкы 600 беттен турган отчетун биринчи кезекте АКШнын укук бузууларына арнады. Анын корутундусуна ылайык, терроризмге каршы глобалдык согушунда Кошмо Штаттары Кубанын аймагында жайгашкан Гуантанамо камак жайында сотсуз, айып коюсуз жүздөгөн шектүү террористтерди кармап, мындай адамдарды сууга тумчуктуруп кыйноого жол берип, адам укуктары жаатындагы кадырына катуу доо кетирип алды. Документте андан тышкары Түндүк Корея, Бирма жана Түркмөнстан адам укуктарын одоно тепселеген өлкөлөр деп аталат. Адам укуктарынын начарлашына жана көз карандысыз маалымат каражаттарынын кысмыкка алынышына байланыштуу Орусия, Кытай, Иран менен катар, Казакстан жана Өзбекстан сынга алынат. Ал эми Кыргызстанда өзбек качкындарынын бир жарым жыл түрмөдө отуруп, акыры Өзбекстанга депортацияланышы сынга алынат. Мындан тышкары, өлкөдө кыз-келиндердин укуктарынын тебелениши айыпталат.

Хьюман Райтс Уотчтун Европа жана Борбор Азия боюнча директорунун орун басары Рахел Денбер Азаттыкка буларды билдирди:

Кыргызстанда абдан көп адамдардын кендирин кескен укуктук көйгөйлөр бар, алардын бири – аялдарга каршы зордук-зомбулук. Биздин иликтөөлөрдүн жыйынтыгы кыргызстандык укук коргоочу уюмдардын тыянактары менен үндөшүп турат. Кыргыз бийликтери үй-бүлөдөгү зөөкүрлүктүн жана күч менен күйөөгө берүү максатында кыз ала качуунун жазасыз калышына жол берип келатат. Бийликтер ал тургай, жапа тарткан аялдардын коопсуздугун жана иштеринин акыйкат каралышын кепилдегендин ордуна, аларды зордукчулар менен элдешүүгө үндөшөт.

Хьюман Райтс Уотч уюму азырынча жаңыдан бети ачылып жаткан аялдарга каршы дагы бир коркунучка кайрыла элек. Таластык укук коргоочу Лира Тантабаева жакында айрым динчилердин жаш уландарды аялдарды сабоого үндөп жаткандыгын мындайча ашкерелеген эле:

- Молдолор аялды сөзсүз сабап туруш керек, шайтанды кууп туруш керек, ал эркектин менчиги деп (айтышат), - деп билдирди Азаттыкка "Аялзат" уюмунун Таластагы өкүлү.

Динге жамынып, аялдарды токмоктоого үгүттөө көз карандысыз Кыргызстанда канчалык кеңири таркаган көрүнүш, буга Акыйкатчы жана ажы Турсунбай Бакир уулу кандай карайт, мамлекеттик укук коргоо органдары мындай молдолорго кандай чараларды көрүп жатат, укук коргоочулардын аракети кандай?

Таластык активист койгон кинеге байланыштуу ушул өңдөнгөн көп суроолор азырынча өз жоопсуз калууда.

XS
SM
MD
LG