Бул тууралуу президент Курманбек Бакиев бүгүн билдирди. Президенттин айтымында, тажик президенти Эмомали Рахмонов менен телефон аркылуу сүйлөшүүдө окуяны териштирүү үчүн коопсуздук кеңештин катчысы Осмонали Гуронов Тажикстанга барарын кабарлаган. Өз кезегинде Эмомали Рахмонов окуяны териштирип, тийиштүү чара көрөрүн билдирген. Белгилүү болгондой 9-январда тажик чек арачылары Баткен облусунун губернаторунун автоунаасын токтотуп, губернатор Султанбай Айжигитовду түшүрүп, курал кезешкен. (AiT)
17: 15 Баткен губернатору менен тажик чек арачыларынын ортосундагы окуя боюнча эки өлкөнүн президенттери сүйлөштү