Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Март, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 03:57

CАУД АРАБИЯСЫНДА КЫРГЫЗСТАНДЫК ЗЫЯРАТЧЫЛАР ЖОЛ КЫРСЫГЫНАН КАЙТЫШ БОЛДУ


Сауд Арабияда зыяратчылыктан кайтып келаткан 22 адам жол кырсыгына учурап кайтыш болду. Алардын арасында кыргызстандык жарандар да бар экени айтылууда. Бул жөнүндө Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди. Министрликтин басма сөз катчысы Нуржигит Кадырбековдун айтымында, кырсык коюу тумандын айынан болгон. Тышкы иштер министри А. Жекшенкуловдун тапшырмасы боюнча, Араб эмираттарындагы кыргыз консулу А. Тохтоходжаев кырсык болгон жерге жөнөп кетти. Азыркы учурда кырсыктан көз жумгандардын жана жаракат алгандардын ысымы, чоо жайы такталууда.

XS
SM
MD
LG