Мындай маалыматты “Азаттыкка” баш прокурордун басма сөз катчысы Токтогул Какчекеев билдирди. Анын айтуусу боюнча жыйырма алтынчы январда өтүүчү жыйынга президент Курманбек Бакиев катышмакчы. Жыйында Башкы прокуратуранын 2006-жылдагы иштеринин жыйынтыгы чыгарылып, 2007-жылга карата иш-пландар белгиленмекчи. Былтыр күз айлары парламент депутаттары башкы прокурордун ишин катуу сынга алып, президентке анын кызмат ордун карап көрүүнү сунушташкан эле. (IJz)