Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:53

14:47 Азимбек Бекназаров: Президентке сунушталган Конституциянын жаңы редакциясы – жасалма документ


Жогорку Кеңештин депутаты Азимбек Бекназаров бүгүн ушундай билдирүү жасады. Депутаттын айтымында, Жогорку Кеңеш 30-декабрда кабыл алган Баш мыйзамдын нускасы менен президент кол коеру күтүлүп жаткан баш мыйзамдын ортосунда олуттуу айырмачылык бар. Депутаттын айтымында, 46-берененин биринчи пунктунда премьер министрди жана өкмөт мүчөлөрүн бекитет деп, 71-беренеде өкмөт өз иши боюнча президенттин алдында жооптуу жана отчет берет деп жазылган. Мындай жоболор парламенттин талкуусунан өткөн эмес деп билдирген депутат Бекназаров президентке сунушталган документти жасалма деп, ага кол койбоого президентти чакырды.

XS
SM
MD
LG