Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:10

15:55 Сауд Арабиясындагы жол кырсыгы Медина – Дубай кан жолунда болгон


Бул тууралуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директорунун орун басары Аркарбек Садабаев билдирди. Анын айтымында 13-январ күнү Дубайдан Ошко кыргызстандыктардын рейси болмок. Алар Мединадан Дубайга чыгып баратып, Сауд Арабиясы менен Бирикке Араб Эмирлигинин чек арасына он беш чакырым жетпей туманда автобус кырсыкка учураган.

- Кырсыктын жыйынтыгында жыйырма үч кишибиз каза болду. Үч киши оор жарадар. Калгандары буюрса аман-эсен. Азыр биздин агенттиктин директору менен муфтий Ошко учуп чыгып атышат. Туугандары менен жолугуп, такташып маселелерди чечкенге..., - дейт Аркарбек Садабаев.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын маалыматына караганда курман болгондордун тең жарымы аялдар. Жаш өзгөчөлүктөрү боюнча алар 1930-1959-жыл аралыгында туулгандар.

XS
SM
MD
LG