Линктер

ишемби, 20-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 11:11

ОРУСИЯ МЕНЕН БЕЛАРУС МУНАЙ БОЮНЧА КЕЛИШИМГЕ КОЛ КОЮШТУ


Төрөкул Дооров, Москва Орусия менен Беларус мунай боюнча келишимге жетишишти. Документке эки мамлекеттин өкмөт башчылары кечээ кечинде Москвада кол коюшту.

Бул жолку макулдашууга ылайык, Орусиядан Беларуска барып жаткан чийки мунайдын ар бир тоннасы үчүн Минск Москвага, мурдагыдай 180 эмес, 53 АКШ долларынан салык төлөп турмай болду. Беларус орус жергесинен чийки мунайды алып, аны кайра иштетип, кийин Европага сатып турган. Эми мунайдан түшкөн кирешени эки мамлекет бөлүп алат.

Орус өкмөт башчысы Михаил Фрадковдун айтымында, 2007-жылы кайра иштетилген орус мунайынан түшкөн кирешенин 70% Орусиянын, 30% Беларустун казынасына түшөт. Ал эми 2008 жылы Орусияга түшчү киреше 80%, ал эми 2009-жылы 85% өсмөкчү, Беларуска 15% калат.

Орусиянын каржы министри Алексей Кудриндин айтымында, эгерде Минск Орусиядан экспорттолгон чийки мунайды кайра иштетпей туруп эле аны башка мамлекеттерге экспорттой турган болсо, анда Минск кайра 180 доллардан экспорттук салык төлөшү абзел.

Беларустун өкмөт башчысы Сергей Сидорский билдиргендей, ортодо жетишилген келишим көзөмөл жүргүзүү ишинде өтө катуу эрежелерди киргизет.

- Эки тарап тең кол коюлган документке ылайык, үч жыл бою анын талаптарынын аткарылышына катуу көзөмөл жүргүзө турган болду, - деди беларустук премьер-министр Сергей Сидорский.

Өткөн жылдын этегинде Орусия Беларуска сатып жаткан газдын баасын эки эсеге кымбаттатканда, Минск өзүнүн аймагы аркылуу өтүп жаткан орус мунайына салык киргизген. Орус бийликтери Беларус тарап киргизген салыкты мыйзамсыз деп санап, аны төлөөдөн баш тартышкан эле. Буга жооп иретинде Беларус өз аймагынан Европага өтүп жаткан орус мунайынын бир бөлүгүн өзүнө ала баштайт.

Жыйынтыгында Орусиялык «Транснефть» компаниясы бир канча күн бою батыш тарапка мунай жөнөтпөй койду.

Шаршембиде Беларус транзиттелип жаткан орус мунайы үчүн салыкты алып салды. Ал эми жума күнү дээрлик 10 саатка созулган сүйлөшүүлөрдүн этегинде акыркы чечимди эки мамлекеттин президенттери телефон аркылуу сүйлөшүп, такташып алышты.
XS
SM
MD
LG