Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2022 шейшемби, Бишкек убактысы 06:03

7:00 Баткен шаарында бүгүн Кыргызстан менен Тажикстандын коопсуздук кеңешинин катчылары жолугушаары күтүлүүдө


Алар Баткен губернатору менен тажик чек арачыларынын ортосундагы окуя боюнча сүйлөшүшөт. Өткөн жумада президент Курманбек Бакиев бул маселе тууралуу тажик президенти Эмомали Рахманов менен телефон аркылуу сүйлөшкөн. Анда тажик президенти окуя териштирилип, тиешелүү чара көрүлөөрүн айтканы кабарланган. 9-январда чек ара аймагында Баткен облусунун башчысынын автоунаасын токтоткон тажик чек арачылары губернатор Султанбай Айжигитовго курал кезешкен. (SM)

XS
SM
MD
LG