Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:04

10:15 Президент К. Бакиев Конституциянын жаңы редакциясына кол койду


Баш мыйзамдын 30-декабрда Жогорку Кеңеш кабыл алган редакциясына мамлекет башчы кол койгонун анын басма сөз катчысы Нурлан Шакиев билдирди. Баш мыйзамдын жаңы редакциясына кол коюу иш чарасына премьер-министрдин милдетин аткаруучу Феликс Кулов, Конституциялык Соттун төрайымы Чолпон Баекова, Жогорку сот төрагасы ЖК төрагасы Марат Султанов, мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров катышкан. Өткөн жумада болгон Коопсуздук Кеңеши дагы Конституциянын жаңы редакциясына кол коюу жөнүндө президентке сунуш кылган чечим чыгарган. Бирок, оппозициядагы депутаттар жана бир катар укук коргоочулар Конституциянын жаңы редакциясына кол коюуга каршы чыгышкан. Алар парламент баш мыйзамдын өзүнүн эреже-талаптарын одоно бузуу менен кабыл алып, ал аз келгенсип, долбоорго президенттин бийлигин чоңойткон өзгөртүүлөр киргизилип, бир топ бурмаланганын белгилеп, нааразылык билдирип жатышат.

 

XS
SM
MD
LG