Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:16

13:40 “Ар намыс” партиясынан бөлүнгөндөр “Берен” партиясын түздү

“Ар намыс” партиясынын мурдагы мүчөлөрү уюштуруу жыйынында “Берен” деген аталыштагы жаңы партия түзүүнү чечти. Бул тууралуу “Берен” партиясынын мүчөсү Жаныбек Исмаилбеков бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, “Ар намыс” партиясынын бөлүнүүсүнө аталган партиянын жетекчилери партиянын катардагы мүчөлөрүнөн четтеп, өздөрүнүн саясий кызыкчылыгын жогору коюусу себеп болгон. Исмаилбеков ошондой эле “Берен” партиясын “Ар намыс” партиясынын мүчөлөрүнүн 75 пайызы колдоорун билдирди. Ал эми “Ар намыс” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Бөдөш Мамырова болсо партиянын айрым мүчөлөрү Феликс Куловдон кызмат сурашып, алардын өтүнүчтөрү аткарылбагандыктан “Ар намыс” партиясынан бөлүнүп, “Берен” партиясын түзүшкөнүн айтты. (AJ)
XS
SM
MD
LG