ИЕРУСАЛИМ. АКШнын тышкы иштер министри Кондолиза Райс Израилдин премьер-министри Эхуд Ольмерт менен Иерусалимде жолукту. Жакынкы Чыгышта иш сапары менен жүргөн Райс жекшемби күнү Иордан батыш жээк чөлкөмүндө Палестин президенти Махмуд Аббас менен сүйлөшүп, Жакынкы Чыгыштагы тынчтык процессин алгалатуу ишинде АКШнын көмөгүн сунуш кылды. Ольмерт менен жолугушуу учрунда Райс бийлик үчүн күрөшүп жаткан заманбап көз караштагы сабырдуу саясатчы Аббаска колдоо көрсөтүүгө чакырмакчы.