Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:19

АКШнын МАМКАТЧЫСЫ ЖАКЫНКЫ ЧЫГЫШТА БОЛДУ


Элен Куленбекова, Бишкек Кондолиза Райс бул сапары маалында сегиз араб лидерлери менен жолугушууну пландаштырууда. Вашингтондун Израил-Палестина чатагын жөнгө салуу аракетин жандантканы бекеринен эмес, бир катар араб лидерлери АКШ Жакынкы чыгышта тынчтык орнотуу ишине активдүүрөк киришсе, ал үчүн Ирак багытында жардам берүү ниетин билдирген.

АКШнын мамлекеттик катчысы жекшемби күнү Палестин автономиясынын президенти Махмуд Аббас менен жолуккан эле. Бул жолугушуунун жыйынтыгын чыгарып, Райс Вашингтон мурункудай эле Жакынкы чыгыштагы абалды турукташтыруу боюнча планын ишке ашырууга ниеттүү экенин билдирген.

Дүйшөмбү күнү болсо Райс Иерусалимде Израилдин премьери Эхуд Ольмерт менен жолукту. Ал Эхуд Ольмертти Палестинанын президенти Махмуд Аббас менен жолугушууга көндүрдү. Жакынкы Чыгыштагы тынчтыкты талкуулай турган жолугушууга Аббас макул болгон-болбогону азырынча белгисиз.

АКШнын мамлекеттик катчысы араб өлкөлөрүнүн колдоосун алуу үчүн Жакынкы Чыгыш мамлекеттеринде жүргөн маалда, 14-январь түнү Президент Джордж Буш демократтардын нараазылыгына карабай Иракка кошумча 21 миң 500 аскер жөнөөтөрүн «60 минут» деген аталыштагы маалымат программасына билдирген.

Вице-президент Дик Чейни аны улап Конгресстин Ирака карата Ак үйгө болгон сынын четке какты :

- Бин Ладендин стратегиясы кандай экенин билесиздер. Ал бизди бетме-беткүрөштө жеңе албасын түшүнөт. Ал бизди артка чегинүүгө мажбурлайм деп ойлойт. 1983-жылы Ливанда жана 93-жылы Сомалидеги окуялардан кийин АКШнын узак согушка чамасы келбейт деп ишенет. Ирак ушу тапта бул согуштун чордону болуп турат. Биз ал жерде жеңүүгө милдеттүүбүз жана сөзсүз жеңебиз.

Анткен менен, карапайым калкты мындай коелу, Конгрессте барган сайын Буштун Иракка карата саясатына нааразы болгондор өсүүдө.

- Ирактагы аскердик операцияларды күчөтүү - ал президент сунуш кылгандай кошумча 22000 жоокерби, же кошумча согуштук учактар, ракеталар болобу, дагы башка коркунучтар, Иран менен Сириялыктарды куугунтуктоо болобу - ушунун баары туура жолбу? Мен антип ойлобойм, -деген пикирин билдирген республикачыл Сенатор Чук Хагел.

Демократтар болсо, эгер Ак үй алардын талаптарын кулак сыртынан кетире беришсе, алар аскердик иш үчүн каржылоону токтотууга умтулушаарын эскертишкен.

XS
SM
MD
LG