Баш мыйзамдын жаңы редакциясы өкмөттүк гезитте кыргыз-орус тилдеринде жарыяланды. Жогорку Кеңеш былтыр 30-декабрда кабыл алган баш мыйзамдын бул редакциясына өлкө президенти кечээ кол койгон. Ошол эле учурда оппозициялык айрым саясатчылар жана жарандык коомдун өкүлдөрү президент конституциянын жаңы редакциясына кол кою менен туура эмес иш жасаганын, анткени аны кабыл алууда баш мыйзамды кабыл алуу эрежеси одоно бузулганын айтышууда.(SM)