Осмонаалы Гуронов бүгүн облустагы күч структураларынын башчылары менен жолугушуп, чек ара аймактарындагы кырдаал менен таанышат. Ушундай эле максат менен Тажикстандын коопсуздук кеңешинин катчысы да бул өлкөнүн Баткенге чектеш Исфара районунда жүрөт. Эки өлкөнүн коопсуздук кеңешинин катчылары Баткен губернатору менен тажик чек арачыларынын ортосундагы окуя боюнча эртең чек ара аймагында жолугушуусу күтүлүүдө. 9-январда чек ара аймагында тажик чек арачылары губернатор Султанбай Айжигитовго курал кезешкен.(SM)