Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:05

МАРОККОДО ЖУРНАЛИСТТЕР СОТТОЛДУ


Нарын АЙЫП, Прага Африканын Марокко мамлекетинде эки журналист соттолуп, алардын журналын басуу токтотулду. Өлкө динаятчылары алардын макаласын исламды мазактоо деп баалаган.

Марокконун "Нишан" деген гезити декабрда 10 бетке уланган ири макала жарыялап, анда - саясат, ислам жана секс темасындагы анекдот-тамашалардын тизмесин келтирген. Макаланы - журналдын баш редактору Дрисс Ксикес жана журналист Санаа ал-Ажи жазышкан жана алар сотто билдиргенге караганда, ал тамашаларды анализдеп, Марокко коомундагы аларга болгон мамиленин кандай болоорун текшерүүгө аракеттенген.

Анткен менен макаланы көрүп-окуган динаятчыларга ал жаккан эмес жана Марокко жетекчилигине Кувейт өкмөтүнөн да - бул исламды мазактаганга жатат деген каршылык кат келген, натыйжада Марокконун премьер-министри Дрисс Жетту 20-декабрда журналды жабуу тууралуу чечим кабыл алып, ага каршы кылмыш иши ачылган.

Ишти Касабланка шаарынын соту карады, ал 8-январда башталып, өкүм кечээ күнү, 15-январда жарыяланды. Ишти караган сот Нуриддин Хассин журналды эки айга жапты жана эки журналистти үч жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратып, алардын ар бирине тогуз миң үч жүз долларга тете айып салды.

Бардык байкоочулар бул өкүмдү жумшак деп баалоодо, анткени мамлекеттик прокурор өткөн аптада аларды беш жылга кесүүнү жана журналды таптакыр жаап салууну талап кылган. Бирок декабрдан бери көптөгөн эл аралык уюм сотту сындап, Марокко өкмөтүнө каршылык каттарды жиберген. Ислам дүйнөсүндө Марокко бир топ эркин мамлекет болуп эсептелинет.

Журналдын редактору Ксикестин айтымында, эгер алар чындап эле эркинен ажыратылса, анда ал - өлкөдөгү басма сөз эркиндиги үчүн чоң сокку болмок: "Эгер өкүм шарттуу болбогондо, ал катастрофага айланмак. Ошондо дагы бул сот Марокко журналисттерине орчундуу белги болду, эми Басма сөз боюнча мыйзамдагы адамды эркинен ажыратуу тууралуу беренелерди жоюу үчүн көрөшүш керек. Мындай талап эл аралык мыйзамдарга төп келет жана аны ишке ашырууга биз жетишиш керекпиз", - деди журналист.

Анын адвокаты Чоуки Беньюн болсо өкүмгө каршы арыз берилээри жөнүндө билдирди: "Адис катары соттун чечимин биз сыйлайбыз. Бирок ошол эле мезгилде ага каршы арыз беребиз. Өкүм жумшак болгону бизге жакты, анткени сот прокурорлордун логикага сыйбаган бир топ талабын четке какты", - деди адвокат өкүм жарыялангандан кийин.
XS
SM
MD
LG