Баткенге келген чукул кырдаалдар, саламаттыкты сактоо, билим берүү жана маданият министрлеринин милдетин аткаруучулар зилзаладан кийинки абал менен жайында тааншып чыгышты. Өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин аткаруучу Жаныш Рустембеков Баткен жер титирөөдөн тарткан зыян 86 миллион сомду түзгөндүгүн билдирди. Жер титирөөдөн, айрыкча, мектептер эң көп зыян тарткан. ((KCh)