16-январда болгон талкууну Еврокомиссия каржылаган «Үй-бүлөнү бекемдөө аркылуу кедейликтин таасирин азайтуу» деген долбоор менен облбийлик уюштурду. Жыйында айтылгандай, ата-энелердин кайдигерлигинен көчө балдары көбөйүүдө. Каражаттын тартыштыгынан кылмыш жасаган балдарды комиссияга алып келип, маселесин талкуулоо жана Оштогу өспүрүмдөрдүн реабилитациялык борборуна жеткируу татаал. Облуста балдардын убактылуу баш калкалоочу жайын же реабилитациялык борборун ачуу кезеги келди. Губернатордун орунбасары Камила Талиева Жалалабатта жетим кыздарды алардын туугандары түнкү сауналарга сатып иштеткенин билдирди. Билим берүү башкармасынын маалыматында окууга быйыл 106 бала тартылган эмес, жаштардын укугун коргоо уюму Жалалабатта тентип жүргөн 26 баланы эсептеген. Ички иштер Башкармасы былтыр өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук мурдагы жылкыдан эки эсе кыскарганын маалымдады. (YA)