Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:27

КАЗАКСТАНДА ЖЕТЕКЧИЛИК КЫЗМАТТА АЯЛДАР 30 ПАЙЫЗ БОЛОТ


Бириккен Улуттар уюмунда эл аралык эксперттер аялдардын дискриминациясын токтотуу жаатында өкмөттөрдүн жүргүзүп жаткан иштерин угууга киришти. Эксперттер Аялдарга каршы дискириминацияны жою комитетинде башка өлкөлөр менен катар Азербайжан, Казакстан, Тажикстандын отчетторду угушууда. Аталган өлкөлөр аялдарга каршы дискириминацияны алдын-алуунун мыйзамдык механизмдерин түзүшкөн, бирок бул саясатты ишке ашырылышы жана кайтарымдуулугу ар кыл болуп, аялдар саясий чөйрөгө жетиштүү тартылбай келатат.

Бул документти кээде Аял укуктарынын декларациясы деп коюшат. 1979-жылы кабыл алынган Аялдарга каршы Дискриминациянын бардык түрлөрүн жою конвенциясында дикриминацияга аныктама берилет жана мүчө-өлкөлөргө аны жою үчүн көрүлө турган иш-чаралар боюнча кеңеш берилет.
БУУнун азыр сессиясын баштаган комитети бул конвенцияны ратификациялаган өлкөлөрдөгү аялдардын абалына баа бермекчи. Хорватиялык Дубравка Симонович ушул дүйшөмбүдө комитеттин жаңы төрайымы болуп шайланды.

Конвенция боюнча, аялдардын укукгарын жана эркиндиктерин чектей турган, жыныска негизделген ар кандай айырмалоо же чектөө аялдарга каршы дискриминация болуп саналат.

1979-жылдан бери бул документти дүйнө өлкөлөрүнүн басымдуу көпчүлүгү – 180ден ашыгы ратификациялады. Ага кошулуудан Иран, Америка Кошмо Штаттары менен катар он чакты өлкө баш тарткан.

Ушул айда бул жааттагы иштери тууралуу отчет бере турган өлкөлөрдүн арасында документке 1998-жылы кошулган Казакстан да бар. Айткүл Самакова казак президенти Нурсултан Назарбаевдин гендер жана үй-бүлө иштери боюнча кеңешчиси. Анын айтымында, бүгүн Казакстанда аялдар парламентке шайланган мыйзамгерлердин 10 пайызын түзөт, ал эми жергиликтүү жана шаар кеңештеринде бул көрсөткүч дээрлик 20 пайыз. Казак өкмөтүндө ар бир төртүнчү министр - айымдар. Мындан тышкары 2016-жылга чейин жетекчилик кызматтардын 30 пайызында жалаң аялдардын болушун камсыздоо тууралуу президент жардык чыгарган.

Башкача айтканда, Казакстанда аялдар, Борат өз киносунда ырастагандай, төртүнчү орунда турбайт. Ушул жумада АКШда эң мыкты куудул актер деп табылып, Алтын Глобус сыйлыгын алган британиялык Саша Барон Коэндин каарманы "Борат" тасмасына чейин эле "Казакстанда биринчи орунда эркектер, экинчи орунда жылкы, үчүнчү орунда ит, төртүнчү орунда аялдар, бешинчи орунда келемиш чычкандар турат" деп, казактарды катуу чычалаткан. Бирок президент Назарбаевдин өкүлү кемчиликтер жок эмес экендигин мындайча белгиледи:

Айлык төлөөдө теңсиздик бар, бирок бирдей ишти аткаргандарга ар башка айлык төлөнбөйт. Мындай көрүнүш жок. Аялдар эркектерден төмөнкү кызматта тургандыктан төмөн айлык алышат. Эркектер ишкананын жетекчилигинде, аялдар ортоңку звенодо иштеген кадыресе көрүнүшкө айланган. Биз бул туура эмес экенин билебиз жана учурда биздин комиссия бул маселени карап жатат.

Бириккен Улуттардын комиссиясы 2-февралда ишин аяктайт.

XS
SM
MD
LG