“Жаңы күч” аялдар жана жаштар партиясынын жетекчиси Токон Шайлиева өкмөттүн жаңы курамынын 50 пайызына аялдардан дайындоону өтүнүп президент Курманбек Бакиевге, премьер-министрдин милдетин аткаруучу Феликс Куловго кайрылганын бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, бюджеттеги мекемелерди аялдар башкарса өз кызматына жоопкерчиликтүү мамиле кылып, өлкөгө зор пайда алып келет. Кыргызстан HIPCке кирбей эле экономикалык жактан өнүгө алат. (AJ)