Кабулда иш сапары менен жүргөн АКШнын коргоо министри Роберт Гейтс, Ооганстан менен Пакистан ортосундагы чек ара аймагында согушкерлердин көбөйүшүн олуттуу маселе катары сыпаттады. Роберт Гейтстин пикиринде, бул маселе Пакистан өкмөтү менен бирдикте чечилиши керек. Эгерде Ооганстандагы коопсуздук күчтөрүнүн командачылыгы кошумча аскер сураса, мындай өтүнүч канааттандырылышы керектигин Пентагондун башчысы кошумчалады.