Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:40

БИШКЕКТЕ ЧӨНТӨК ТЕЛЕФОНДОРДУ УУРДОО КҮЧ АЛДЫ


Эдил Сапарбек уулу, Бишкек Бишкек шаарында мобилдик телефондорун уурдоо күчөдү. Мунун себеби жөнөкөй – уурдалган телефондорду сатууда эч кыйынчылык жаралбайт. Кардарлар көп болгондуктан, телефондорго баа да кымбат. Чөнтөк телефон колдонгон кардарлардын санынын көбөйүшү менен бирге телефондорду уурдатуу саны кошо өсүүдө.

2006-жылы бирөөнүн мүлкүн уурдоо боюнча төрт миңден ашуун кылмыш иши катталса, анын ичинен жети жүз алтымышы чөнтөк телефонго байланыштуу болгон. Бул тууралуу Бишкек шаардык кылмыш иликтөө башкармалыгынын жетекчиси Арстан Жумабаев буларды билдирди:

- Мисалы 2005-жылы чөнтөк телефонго байланыштуу болжол менен 400 кылмыш иши козголсо, 2006-жылы бул сан эки эсеге өскөн. Бул кылмыштардын 60 пайызы гана ачылганы бизди канаатандарбайт. Ошондуктан биз “Бител” жана “Мегаком” сыяктуу уюлдук байланыш компанияларынын жетекчилерине тыкыс кызматташуу тууралуу сунуш менен кайрылалы деп документтерди даярдап жатабыз. Ушул компаниялардын жардамы менен телефондордун “имэй” деген коддору аркылуу, уурдалган чөнтөк телефондордун иштешин убактылуу токтотуп койсок бизге бир топ жеңилдик түзүлүп, жакшы болор эле. Ал эми азыр уурдоо көп болгон жерлерди биз кыдырып жатабыз. Бул көбүнчө чоң-чоң соода борборлору жана элдик транспорттор болууда .

Чөнтөк телефон алып саткандар шектүү телефондорду алып саткандан оолак болгулары келет. Көбүнчө ал жолго “трассовиктер”, башкача айтканда ортомчул алып сатарлар барат экен. Алардын такай отуруп сатчу жайы болбогондуктан күнүмдүк акчасын таап кеткенге шашышат.

Бишкектеги айтылуу Бешсары соода жайы мобилдик телефондорду сатуу боюнча эң ири борборлордун бири. Бирок, эл арасында бул жерде уурдалган телефондор көбүрөөк сатылат деп белгилүү. Бешсары соода комплекстин башчысы Таалай Сариев, уурдалган чөнтөк телефондоруна каршы иш алып барганын айтат:

- Биздин комплексте сатылып жаткан телефондордун баарысы тең эле уурдалган деп
айтууга болбойт. Бирок, андай көрүнүштөр деле кезигип калат. Андай учурларда биздин өзүбүздүн ички коопсуздук кызматкерлерибиз милиция кызматкерлери менен чогуу иштешип, ошондой уурдалган телефондорду өткөрүп беришет. -


Күнүмдүк турмушта чөнтөк телефону ыңгайлуу байланыш ыкмасы болгондуктан, барган сайын көбүрөөк мобилдик телефондор керектелүүдө. Аларды көп учурда колдон сатып алууга туура келгендиктен, милиция кызматкерлери телефон алып жатканда сөзсүз документтерин талап кылгыла деп эскертет.

XS
SM
MD
LG