Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:59

FREEDOM HOUSE: ЭРКИНДИКТИН ЭҢСЕСИ КАТА БАШТАДЫ


Былтыркы жылы дүйнөдө эркиндиктин эңсеси катып, демократиялык күчтөргө каршы авторитардык режимдердин контрчабуулу күч алды. Отуз үч өлкөдө керагар көрүнүштөр, 20дай өлкөдө алгылыктуу жышаандар байкалды. Айрыкча мурдагы Советтер Союзунун аймагында авторитардык бийликтер күчтөндү, алардын ичинде Украина менен Грузияда гана оң мүнөздөгү айрым өзгөрүштөр болуп өттү.

Эл аралык Freedom House уюму өзүнүн кезектеги отчетунда өткөн жылдагы эркиндиктин дүйнөдөгү абалын ушундайча баалаган.

Демократиячыл күчтөрдүн десин кайтарып, баш көтөртпөй басып салуу аракети эски Советтер Союзунун аймагындагы азуулуу режимдердин системалуу саясатына айланды, деп айтылат Freedom Houseтун отчетунда. Мунун башкы мисалы катары Freedom House Россияны атаган. Быйылкы докладды даярдаган авторлордун бири Крис Уолкер россиялык бийликтер басылма маалымат каражаттарына былтыр өзгөчө жапырык жасаганын белгиледи:

“Бул 2006-жылдагы маалымат каражаттарынын абалындагы өзгөчөлүктөрдүн бири болду”.

Ар кандай ыкмалар менен “Новая газета”, “Независимая газета”,”Коммерсант” сыяктуу басылмалар Кремлге ылым санаган топтордун башкаруусуна өткөрүлдү же алардын менчигине берилди. Экс-совет аймагындагы эңгезер оюнчу катары Россия өзүнүн үйүтүн КМШнын көп өлкөлөрүнө үйрөтүп, жайылта баштады, деп эсептейт Freedom House.

Отчетто Өзбекстан менен Түркмөнстан мурдагы жылдардай эле Түндүк Корея, Куба жана Ливия менен бирге саясий укуктар жана жарандык эркиндиктер тизмесинде эң арткы орундарда аталган.

“Өзбекстандын траекториясы соңку бир нече жылда өзгөчө терс жагына өзгөрдү”, дейт Уолкер.

Мунун символу катары Анжиандагы калайманды көрсөтүп, Уолкер Өзбекстанды ашынган репрессивдүү полициялык мамлекет деп мүнөздөдү. Ал эми мунай долларына карк болгон Казакстанда абал репрессивдүү коңшуларга караганда кантсе да биртке дурус, бирок али эркин эмес. Кырдаалды жакшыртуу үчүн дагы көп аракеттер керек, деп эсептейт Уолкер.

Региондо жалгыз гана Кыргызстан “жарым-жартылай эркин” деген баага арзыган. Деген менен өлкөдөгү чалды-куйду саясий өзгөрүүлөр эмнеге алып келери азырынча белгисиз. Жалпы мааниде алганда, Кыргызстанда былтыр реформаны илгерилетүү үчүн реалдуу күрөш болгонун көрдүк. Бирок ал чектелүү гана ийгиликтерге алып келди, дейт Уолкер.

Freedom House Белоруссияны Европадагы эң репрессивдүү режим деп атаган. Грузия “чала-чарпыт эркин”, Украина “эркин” деген баа алган.

Freedom Houseтун эсебинде былтыр дүйнөдөгү калктын 46 проценти эркин, 17 проценти жарым-жартылай эркин, ал эми 37 проценти эркин эмес өлкөдө жашады. Өткөн жылдын жыйынтыгын жалпылап, Freedom House дүйнөдө демократия баштагыдай популярдуу болбой баратканын, мындан ары эркиндиктин кыйыры тарып, атүгүл буга чейин жетишилген ийгиликтер жакын арада колдон чыгып кетиши да мүмкүн экенин эскертет.

XS
SM
MD
LG