Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:41

ДҮЙНӨДӨГҮ ЭКОНОМИКАЛЫК ЭРКИНДИКТИН КӨРСӨТКҮЧТӨРҮ


АКШдагы аналитикалык Мурас фондусу (The Heritage Foundation) менен “Уолл Стрит Жорнэл” (‘The Wall Street Journal”) гезити былтыркы жылдын жыйынтыктарына таянып, дүйнөлүк экономикалык эркиндиктин жадыбалын жарыялады. Документте 157 өлкөдөгү экономикалык эркиндиктин абалы он көрсөткүчтүн, анын ичинде менчик укугу жана салык өлчөмдөрүнүн негизинде бааланат. Изилдөөгө ылайык, Гонконг, Сингапур жана Австралия дүйнөдөгү эң эркин экономикалык система деп аталган. Дүйнөдөгү 20дай эркин экономикалык системада Европага 12-орун тийген. “Азаттыктын” кабарчысы Никола Крастев Мурас фондусунун эксперти Даниэлла Маркхеймге кайрылып, индекстерди аныктоонун айрым усулдарына кызыкты.

Атап айтканда, экономикалык эркиндик менен саясий эркиндиктин ортосунда кандайдыр бир байланыш барбы?

Өтө тыгыз байланыш бар, дейт Даниэлла Мракхейм. Адамдар экономика чөйрөсүндө өз алдынча чечим кабыл алганга канчалык көп мүмкүнчүлүк алса, мунун өзү алардын саясий жактан да мүмкүндүгү кеңейгенин билдирет.

Быйылкы докладда беш өлкө - Конго, Ирак, Сербия, Черногория жана Судан тууралуу сөз болбой калганын Маркхейм маалыматтардын жетишсиздиги менен түшүндүрдү:

The Heritage Foundation ар бир өлкөдөгү абалды калыс, адилет негизде баалаганга умтулат. Кокус кайсы бир өлкөгө байланыштуу жетерлик маалыматтарды топтогонго мүмкүндүк болбосо, адатта ал жалпы жадыбалга киргизилбейт.

Экономикалык эркиндик быйыл да бизнес, соода-сатык, алык-салык өлчөмү, ошондой эле мамлекеттин экономикага кийлигишүү деңгээли сыяктуу он көрсөткүчтүн негизинде аныкталган. Экономикалык эркин система деп бааланган жыйырма өлкөнүн катарына Европадан - он эки, Түштүк жана Түндүк Америкадан – үч, Тынч океан аймагынан беш мамлекет кирген. Биринчи ондуктун тобунда АКШ, Жаңы Зеландия, Британия, Швейцария, Канада жана башкалар аталат. Германия он тогузунчу орунга коюлган. Буга немец экономикасынын көп жагынан өкмөткө көз карандылыгы, салыктардын жогорку өлчөмү себеп болгон.

Экс-совет аймагынан Россия 120-орунду ээлеген. КМШдагы бир катар өлкөлөр, алардын ичинде Армения, Грузия, Молдавия, Казакстан, Тажикстан жана Азербайжан Россияга караганда бир кыйла жогорку орундарга жайгаштырылган. Жадыбалда Кыргызстан 79-орунда аталат. Ал эми Украина экономикалык эркиндиги жагынан Россиядан да артта калган, андан соң Өзбекстанга - 132чи, Белоруссияга –145чи, Түркмөнстанга - 152чи орун берилген. Жалпы дүйнөлүк жадыбалдын эң арткы сабына Куба менен Түндүк Корея коюлган.

Мындай изилдөөлөрдүн пайдасы тууралуу маселеге келсек,алар алеки саатта эле кырдаалды өзгөртүп жибере албасы, алкымы бузук чиновниктердин пейилин тазартып ийбеси арийне кеп. Ошол эле учурда мындай рейтингдердин аздыр-көптүр пайда-батасын тануу да кыйын. Өз өлкөсүн дүйнөлүк жадыбалдын төмөнкү сабынан көрүү баарына эле жагымдуу болбосо керек.

XS
SM
MD
LG