Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:05

ЖАҢЫ КОНСТИТУЦИЯ ТАЛАШКА ЧЕКИТ КОЙГОН ЖОК


30-декабрдагы Конституциянын жаңы редакциясы мыйзамды одоно бузуу менен кабыл алынды. Ал коомдогу саясий күчтөрдүн мунасага келишине өбөлгө түзө албай, ортодогу тирешти дагы күчөткөндөн башкага жарабайт. Айрым адистердин пикиринде, президенттин жеке бийлигин чектөө аракетинен майнап чыкпай, үй-бүлөлүк башкарууга шарт түзгөн Башмыйзамдын жаңы редакциясы ишке киришти.

Парламент депутаты Азимбек Бекназаровдун ырасташынча, өткөн жылдын 30-декабрында кабыл алынган Конституциянын жаңы редакциясы президенттин жеке бийлигин чыңдоого шарт түзгөн, мурдагы Башмыйзамда жетишилгендерди жокко чыгарган иш болду.

- Ошентип бүгүнкү Конституциябыз, 30-декабрда кабыл алган Конституциябыз президенттик башкарууга толук өттү десек болот.

8-ноябрда кабыл алынган Башмыйзамдын жаңы редакциясында президенттин ыйгарым укуктарынын кыйласы чектелип, өкмөттүн өз алдынчалыгына мүмкүндүк түзүлгөн болчу. Азимбек Бекназаровдун айтуусунда, 2005-жылдын 24-мартында нааразы болгон көпчүлүк президенттик жеке бийликтен, үй-бүлөлүк башкаруудан, бир адамдын өзүм билемдигинен кутулуу үчүн элдик ыңкылапка көтөрүлгөн. Өлкө турмушундагы маанилүү окуядан кийин батыл жасалчу конституциялык реформа улам артка жылдырылып, бир жарым жылдан кийин чогулган көпчүлүктүн талабы менен ишке ашырылган.

Башкаруу системасын өзгөртүүгө куштар реформачылар арадан эки ай өтпөй Башмыйзамдын дагы бир жаңы редакциясы ошол эле парламенттин колу менен, Конституциялык соттун корутундусу жок кабыл алынарын ойлобосо деле керек. Конституциянын жаңы редакциясынын антип апыл-тапыл алынып калышынын себеп-жөнүн А.Бекназаров президенттин азыркы абалына, саясий жагдайга байланыштуу минтип түшүндүрөт.

- Президент бүгүн эки күчтүн ортосунда калды. “Кой, бул жагын да канааттандырайын, тигил жагын да канааттандырайын. Бирок экөөн тең мага укук бергиле деп кыстайын”. Мына ошол эки тарабы тең президентке ыйгарым укук алып берип тынып калышты. Кайрадан бир үй-бүлөлүк башкарууга баарыбыз баш ийдик.

Бирок да мындай пикир менен Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш комитетинин төрагасы Исхак Масалиев макул эмес. Анын айтуусунда, соңку редакция Башмыйзамдагы карама-каршылыкты, бийлик бутактарынын тең салмактуулугун сактоонун аракети болду. Президентке кошумча ыйгарым укуктар берилген жок.

- Себеби ошол түнү шашылыш кабыл алган редакциянын ичинде биртоп каталар болгон. Анын баарын тактоо иретинде 30-декабрда мынабул иш жасалган. Ал эми кабыл алыш жолу боюнча миң ирет кыйкырса деле болот. Бирок, 9-ноябрда кабыл алгандай, биз кудум ошол жол менен барып кабыл алдык,- дейт И.Масалиев.

Жеке бийликтин үстөмдүгүнөн кутулуп, демократиялуу өлкөлөрдүн жолоюна түшүү аракетинин антип ишке ашпай калышын депутат Өмүрбек Текебаев өнүгүүнүн туура эмес жолуна кайтуу катары баалайт.

- Биз туура эмес багытта өнүгүп атабыз. Биз эски өзүмбилем заманды андан ары күчөтүп, калыптандырып жатабыз.

Эгемендик тушунда эки-үч жыл аралыгында сөзсүз бир жолу жаңыланып турчу Конституциянын минтип бир жарым ай ичинде эки ирет өзгөрүлүшү көпчүлүктү да айраң-таң калтырууда. Антип Башмыйзамдын апыл-тапыл кабыл алынышы, адистердин баамында, Кыргызстан узакка созулчу саясий кризиске капталганынан кабар берчү кооптуу жагдай.

Конституциянын жаңы редакциясы мыйзам бузуулар менен кабыл алганын ырастап, Азимбек Бекназаров Конституциялык сотко арыз жолдой тургандыгын маалымдады. Аны менен эле тим болбой парламент депутаты Башмыйзамга өзгөртүү, кошумчаларды киргизген жаңы мыйзам долбоорун сунуштай тургандыгын кошумчалады.

XS
SM
MD
LG