Былтыр ноябрдагы митингдер учурунда «Алас» гезитине Анатай Өмүркановдун өлкө жетекчилерине кайрылуу иретиндеги ыры жарыяланган эле. Бийликке сын айтылган бул ырды саясий ката деп эсептешкен айрым акын-жазуучулар аны төрагалыктан бошотуу демилегесин көтөрүшкөн. Жазуучулар союзунун президиуму кечээ бул маселе боюнча пленум чакырды. Андагы талаш-тартыштан соң пленум бул аракетти айрым акын-жазуучулардын кезектеги кутуму катары баалап, февраль айында курултай өткөрүү, союздун уставын кайра иштеп чыгуу боюнча чечим кабыл алды. (SM)