ЖК билим берүү, илим маселелери боюнча комитетинин жетекчиси Бектемир Мурзубраимов Өкмөттүн илим тармагындагы саясаты кандай болот деп маcеле козгоп, жогорку окуу жайындагы, тармактык жана академиялык илимди кошуп реформа кылуу боюнча Куловдун ой-пикирин сурады. Ф. Кулов бул үчүн каражат керек деген кыска жооп менен чектелди.