«Апта» гезити, чет өлкөлөрдөн жааган «жашыл жалбырактардын» дайнын жакшы билгендер арабызда аман-соо жүрүшкөнүн баяндап, балким ушулардан сурап көрсөк кантет деп, бир катар жарандардын тизмесин жар салды. Алар: Акаев доорунун премьер-министрлери- Т.Чыңгышев, А.Жумагулов, А.Муралиев, К.Бакиев, К.Жумалиев, Ф.Кулов, Улуттук Банк төрагалары- К.Нанаев, М.Султанов, каржы министри- Т.Койчуманов, айыл жана суу чарба министрлери Ж.Акенеев, Б.Талгарбеков, К.Абдимомунов жана башкалар. Так ушулар 2 миллиард карыздын жадыбалын жат билишерин, бирок бири да ушу кезге дейре үн каталектигин, анткени арасында президент К.Бакиевдин өзү бар экендигин жазды. Ушул эле теманын тегерегинде, белгилүү саясатчы Бегиш Ааматов сөз алып, кредит жегичтердин баарынын аты-жөнү, дареги кагазда турганын, ачыгын айтканда мамлекет болуудан калып баратканыбызды, Кыргыз эл баатырлары Ч.Айтматов менен Т.Усубалиевдерден баштап, күнүгө бешмаал Кудайга сыйынган муфтийге чейин коррупцияга малынганыбызды, жегендер дагы эле жеп атканын, баягы Үзөңгү-Куушту саткандардан да, Аксыдагы балдарды аткандардан да жооп алалбагандай эле жооп алалбай кала берерибизди, анын ордуна академик Миррахимовго окшоп, ачкачылыктын курманы болгон Шерали Назаркуловдун ичегисин алдына жайып алып жалган жалаа жапкан өңдүү, жанкечтилер жалган-жулганды айтып, суудан кургак, оттон муздак бойдон чыгып кете берерин жаны ачуу менен айтты.
«Айкын» гезити, божомол менен жоромолдордун тобун уядан учурду. Анын айтымында Кемин шайлоо округунан Бермет Акаева депутат болуп шайланып келип алып, Бакиевдин башына дал ошол жаңак чагарын, Шанхай кызматташтык уюмуна кирген өлкөлөрдүн Бишкекте өтүүчү саммитине тыйын табалышпай борбордогу «Ысык-Көл» мейманканасына көл жээгиндеги «Аврораны» кошоктоп туруп сатканы жатышкан имиш.
«Алас» гезити, эгер парламент Ф.Куловдун талапкерлигин өкмөт башчылыгына бекитүүгө макулдугун берсе, анда аны менен кошо Кыргызстанды ХИПИКке киргизүүгө да макулдук бергендиги болорун жазды. Ошондой эле бул санга белгилүү коомдук ишмерлер Ишенбай Абдуразаковдун, Касым Исаевдин Кыргызстандын саясый-социалдык, экономикалык турмушу тууралуу айткан ой-пикилери жарыяланууда.
« Урматтуу Курманбек Салиевич! Сизди бүгүн Кыргыздын Түркмөнбашысы кылгысы келгендер айланаңызда жүрөт. Алардан тезинен арылыңыз. Кыргыз деген кылыч көрсөтсө эле кынга кире качкан эл эместигин эстеп коюңуз. Касиеттүү Түштүк бизге эл-жер деп башын сайып кызмат кылган И.Раззаков менен А.Масалиев өңдүү уулдарды бергенин ойлоңуз. Дүйнөлүк тарыхта татыктуу орду бар элди ХИПИКке сүйрөп бараткан жолду токтотуңуз. Кыргыз эли мындай шылдыңга, мындай кемсинтүүгө эч качан татыктуу эмес деп ойлойбуз!» деп жазды, «Манас-Ордо» коомдук бирикмесинин президенти Анарбек Усупбаев өлкө президенти К.Бакиевге жазган кайрылуу катында «Лица» гезити аркылуу.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ